Menu

Такталбаган чек аранын айынан чыккан эки элдин ортосундагы чыр-чатактар артта калды

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек аралардагы өткөрүү бекеттерин ачуу боюнча өткөн жумада дагы
бир жагымдуу иш жасалды. Бул ирет Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан “Маданият” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды. Иш чарага Кыргызстандын жана Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул көзөмөл өткөрүү жайы 2004-жылы жөө адамдар үчүн ачылып. 2016-жылы Өзбекстан тараптан бир тараптуу жабылып калган. Өткөн айда Ала-Букада кыргыз өзбек чегиндеги “Баймак”, андан мурда Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети ачылган. Ушул жуманын аягында КРнын президенти А.Атамбаевдин Өзбекстанга расмий иш сапар менен барары кабарланууда.

Анда эки өлкө ортосундагы алдын ала макулдашылган 85% чек араны тактоо иштерине кол коюлары күтүлүүдө. Ага чейин өлкө башчыбыз парламент тарабынан ратификапияланган чек ара боюнча мыйзамга кол койду. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөндүгү да белгилүү. Эми ал күндөр артта калды деп ишенебиз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: