Menu

Таластык ардагерлердин “ырыскысы” кандайча менчиктелип кеткен?

Бөлүшүү:

Талас областынын жана Талас шаарынын ардагерлер кеңештеринин мүчөлөрү адилеттик издеп сот органдарына арыз менен кайрыла баштаганына 10 жылдан ашыптыр… Арызда Талас шаарынын 1-май көчөсүндө жайгашкан, ардагерлерге тиешелүү болгон № 26 “Ардагер” дүкөнүнүн мыйзамсыз сатыкка коюлуп, менчиктештирилип кеткендиги айтылган.

№ 26-дүкөн өз кезегинде калктын жеңилдетилген тейлөөгө эгедер болгон катмарын тейлеп келген жападан жалгыз дүкөн болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун жана Афганистандагы согуштун ардагерлеринин өтүнүчү боюнча Талас шаардык кеңешинин 28.04.1992-жылдагы № 83-Р буйругунун негизинде ардагерлерди өндүрүш жана азык-түлүк товарлары менен камсыздоо үчүн шаардагы № 23-дүкөн кошумча бөлүнүп берилген.

Бул дүкөндөр мамлекеттик мүлк катары балансында турган баштагы Таласгорторг мамлекеттик мекемеси жоюлуп, анын ордуна “Тынчтык” мамлекеттик акционердик коому уюштурулат. Кийин бул коом да банкрот деп табылып, анын ээлигиндеги мүлктөр четинен сатылып кеткен. Ал эми талаш жаратып жаткан № 26-дүкөндүн тагдыры кызыкдар болгон адамдар тобу тарабынан башынан эле атайылап бурмаланган, — ​деген ойго келүүгө болот…

Мисалы, аталган дүкөн “Тынчтык” Акционердик коомунун атайын администратору (ликвидатор) Сарногоев тарабынан сатыкка коюлуп, 29.10.1998-жылдагы сатык протоколуна ылайык Жумалиева Гүлжан Осмонбековна аттуу аялга 1800 сомго конкурстук негизде сатылган.

Жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн кошумчалай кетели: ал кезде Таласгорторгго таандык 3 гана дүкөн болгон. Алар — ​№ 23, №26, №28-дүкөндөр. Бүгүнкү күндө №23-дүкөн менчикке өтүп, ал тууралуу эч кандай талаш жок. Ал эми Ленин көчөсүндө жайгашкан №28-дүкөн Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 20.11.1995-жылы А. А. Султаналиевага “нежилое помещение” катары сатылып, приватташтырылган.

Ошентип, №26-дүкөн аукционго ЛОТ‑1ге коюлуп, ага Г. Жумалиева жалгыз гана катышуучу болуп катталат. Аталган аукциондун жыйынтыгы 8 (сегиз) ай өткөндөн кийин чыгып, ЛОТ‑1 боюнча жеңүүчү жана сунушталган 1100 сомго №28-дүкөндүн имаратын сатып алуучу деп Г. Жумалиева табылат. Бирок, сатык комиссиясы 29.10.1998-жылдагы протоколу менен сатыктагы 1100 сомду 1800 сомго көтөргөндүгүн көрсөткөнү менен анын себептери түшүнүксүз калган. Кыскасы, Талас шаарындагы №26-дүкөн 1800 сомго Г. Жумалиевага сатылып, 14.01.1999-жылы берилген менчик укугу тууралуу күбөлүктө №26-дүкөндүн ордуна “№28-дүкөн” деп жазылган жана дареги так көрсөтүлгөн эмес. Аны кийин Маммүлк фонду күбөлүк берүүдөгү механикалык ката катары эсептеп “№ 28” эмес, “№ 26” деп оңдоп окуу тууралуу тактама берген.

Экинчиден, сатыкка коюлган дүкөндүн паспортунда ал чийки кирпичтен курулган деп көрсөтүлүп, баасы атайылап төмөндөтүлүп 18200 сомго бааланган. Бул мыйзам бузуу факты боюнча Талас областтык прокуратурасы 10.02.2009-жылы курулуш экспертизасын дайындоо тууралуу токтом чыгарып областтык капиталдык курулуш башкармалыгына жөнөтөт. Аталган башкармалыктын 16.03.2009-жылдагы корутундусу менен 1-май көчөсүндө жайгашкан №26-дүкөндүн баасы 26742 сом 50 тыйынга бааланган жана анын дубалдары бышкан кирпичтен коюлган, — ​деп табылган.

Арыздануучу тараптын пикири боюнча мындай мыйзам бузуу башаламандыгын жасоодо ошол кезде Талас областтык мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары болуп турган Саякбаев Көчкөнбек Аалиевичтин түздөн-түз тиешеси болгон. Анын себебин, сатык конкурсунда жалгаз гана катышуучу жана жеңүүчү болгон Г. Жумалиева анын бир тууган иниси, бүгүнкү күндө Талас областтык статистика башкармалыгында иштеп жаткан Саякбаев Жайлообек Аалиевичтин аялы экендиги менен түшүндүрүшөт. Тагыраак айтканда, Саякбаевдер кызматтык абалдан пайдаланышып, кандай да болбосун Талас шаарындагы дүкөндөрдүн бирин менчиктеп алууну көздөшүп, №26-дүкөндү мыйзам бузуу жолу менен Саякбаевдердин келини Г. Осмоналиевга каттатып алышкан.

Жогорудагы айтылган мыйзам бузуу фактылары Талас шаардык, Талас областтык прокуратуралары тараптан бир нече жолу текшерилип далилденген жана алар тараптан 2007-жылдан бери сотко (Талас областынын райондор аралык сотуна, Талас областтык сотуна, КР Жогорку сотуна) бир нече доо арыздар келтирилген.

КР Жарандык кодексинин 408-ст. 5-п. ылайык, бир гана катышуучу катышкан аукцион жана конкурс, өткөрүлбөгөн катары таанылат, — ​деп көрсөтүлгөн. Ал эми КР Өкмөтүнүн 14.10.1997-жылдагы № 589 токтому менен бекитилген “Банкроттуулук (Кудуретсиздик) процессинин жүрүшүндө жоюлууга жаткан чарбалык субъектилердин активдерин сатуу жөнүндө” жобосунун 37-пунктунда, эгер бир заявка түшүп, андагы сунуш конкурстун бардык шарттарына жооп берсе конкурс өткөн болуп эсептелинээри каралган. Бирок, белгилүү болгондой, конкурстун бардык шарттары сакталган эмес, бышкан кирпичтен салынган дүкөн атайылап, чийки кирпичтен курулган деп арзан баада бааланып калган.

Ошол эле жобонун кириш бөлүгүндө, эгерде объект сатып алууга төмөндөгү баасы чектелбестен коюлса, сатып алуучу банкроттуулук процессинде финансы-өндүрүштүк ишкердүүлүгүн жакшыртуу максатында мүлктүн профилин сактап калуу, жумушчу орундарды сактоо жана инвестиция тартуу боюнча кошумча милдеттерди аткаруусу белгиленген. Бирок, сатып алуучу Г. Жумалиева тараптан алардын бири да сакталбай келет. Тактап айтканда, Г. Жумалиева дүкөндү сатып алгандан кийин иштеткен эмес, бир да ардагерди тейлеген эмес жана жумуш орду менен эч кимди камсыздандырган эмес.

Мына ушундай одоно мыйзам бузуу фактылары кашкайып көрүнүп тургандыгына карабастан Талас областынын жана Талас шаарынын ардагерлер кеңештеринин мүчөлөрү, алардын мыйзамдуу кызыкчылыгын жактаган прокуратура кызматкерлери 10 жылдан ашык убакыттан бери соттордон адилеттик таппай келе жаткандыгы эмнеден кабар берет!?.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: