«Чоң казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин пайдасына айып төлөйт. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 6-августта, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Жумалиевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча доо арызын жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарды.
Соттолуучу “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев. Ал Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Доо 10 миллион сомго бааланган.
“Сот Жумалиевдин доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүп алуу тууралуу чечим чыкты”, – деди Жумашев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ