Menu

Бакыт Төрөбаев: “Экс-президенттер – бул өткөн тарых, алар кайтып келишпейт”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев 6 жыл бою элибизди Акаев, Бакиев деп коркуткан традициялуу ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегендиги анык.

Президент жалган маалыматтарга, интригаларга жана өндүрүштөн чыгарылган ушак-айыңдарга көңүл бурбай, жаңы идеяларды, алгылыктуу программаларды ишке ашырып, өлкөдө кординалдуу реформаларды жүргүзүүсүн элибиз күтүп жатат.

Өлкөдөгү коррупция сот түзүмдөрүндө, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтарынын төмөн жакта иштеген кызматкерлеринин арасында өтө терең тамырлашып кеткендиктен, аны менен күрөшүү кыйынчылыкка турууда. Бирок, ага карабастан, бүгүнкү күндө партиялаштарына, досторуна, туугандарына карабай коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө мамлекет башчысы мурдагы парламент жана өкмөт жетекчилери, бизнесмендер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, жаштар менен жолугушуп, алардын жүрөктөн чыккан ой-пикирлерин, сунуштарын укту. Кыргызстандын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө салым кошкон адамдарды бириктирип, консолидацияга баргандыгы мени кубандырды. Президент алардын тажрыйбасын, кеп-кеңешин эске алып, туура жыйынтык чыгарат деген ойдомун.

Өлкөдө кадр саясатына маани берүү зарыл. Азыркы мамлекеттик кызматтагы кээ бир жетекчилер өз тармагына жоопкерчиликти алып, терең реформаларды жүргүзө алышпайт. Мындай кадрлардан тез арада арылышыбыз керек. Мамлекеттеги жооптуу саясий кызматтарга энергиялуу, идеяга бай, кординалдуу реформа кыла алган, жашоонун ысык-суугун көргөн, жаңыча көз-караштагы адамдар дайындалышы керек деп эсептейм.

Бийликтин негизги максаты жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталышы шарт. Ал үчүн пенсия, жөлөк пул, айлык маянаны жогорулатып, элдин социалдык муктаждыктарын чечүү учурдун талабы.

Президенттин бир гана таянычы, тиреги жана сынчысы бар – ал Кыргызстандын эли. Ошондуктан, убакытты текке кетирбей, кээ бир адамдар тарабынан айтылган сын-пикирге, таарынычтарга маани бербей, өлкөнүн тагдырын жана келечегин ойлоп, экономикалык секирик жасап, ири завод-фабрикаларды, кайра иштетүүчү өнөр-жайларды, жаңы шаарларды, аэропортторду, темир жолдорду, ГЭСтерди куруп, туризмди жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн үстүндѳ иш алып барышыбыз керек.

“Өнүгүү-Прогресс”
фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: