Menu

Адахан Мадумаров кол койгон чек ара протоколун УКМК текшерип жатыптыр…

Бөлүшүү:

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, мурдагы депутат, мурдагы спикер Адахан Мадумаров кол койгон  “чыр” жараткан протоколду УКМК текшерип жатканы маалым болду. Мындай маалымат вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 20-ноябрда «Марал» радиосуна маек бергенден кийин тарады.

Анын айтымында, 2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жана көпүрө курууга деп 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. “Ошол протокол боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Толук жыйынтыгы чыга элек. Жыйынтык чыккандан кийин бардыгы билет, – деген Ж. Разаков.

Эске сала кетсек, аталган протоколго 2009-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Адахан Мадумаров менен Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин ошол учурдагы катчысы Амиркул Азимов кол койгон. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, дал ушул, он жыл мурун тажик тарап менен түзүлгөн протокол чек ара талаш-тартышка негиз болуп келет.

Эсиңиздерде болсо керек, быйыл, сентябрда, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тагырагы, Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине тажик тарап бир тараптуу курулуш иштерин баштап жибергенинен улам чыр чыккан. Сураштыра келгенде, тажик тарап:”Бул тилке ижарага алынган» деп кесе айткан. Кыргыз тарап болсо тактала элек чек ара деп баса белгилеп келет. Ал жактагы жашоочулардын айрымдары Адахан Мадумаровду күнөөлөп, анын келүүсүн талап кылышкан.

Адахан Мадумаров аталган протокол боюнча убагында эле жооп берген жана аны кайталап айтып келатат, “андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз болчу документ болгон”,-деп.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: