Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 28-сентябрда, Москва шаарына жасаган сапарынын алкагында кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун өкүлдөрү жана эмгек мигранттары катышты.
Анда бир катар маселелер козголуп, пикирлер айтылды. Тактап айтканда, диаспора өкүлдөрү Москва шаарындагы Эл чарбачылыгынын жетишкендиктери көргөзмөсүндөгү «Кыргызстан» павильонунун абалына көңүл буруп, ага маданий борбор макамын берүү сунушун киргизишти. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын балдарын орто мектептерге жана бала-бакчаларга жайгаштыруу маселеси актуалдуу бойдон калууда.
Мындан тышкары, Москва шаарындагы кыргыз диаспора өкүлдөрү Россия Федерациясында КР ИИМ өкүлчүлүгүнүн санын жогорулатуу, Москва шаарында Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу жана консулдук бөлүмдө жарандарга укуктук көмөк көрсөтүү үчүн юристтердин санын көбөйтүү маселесин көтөрүштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ