Шаар тургуну Бакыт Болгонбаев Фейсбуктагы баракчасына Гапар Айтиевдин үйүн селсаяктар байырлап алганын көрсөткөн видео жарыялап, бул маселеге көңүл бурулбай жатканына нааразы болду. Социалдык тармакка жарыяланган видео коомчулуктун талкуусуна түштү. СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жашаган үй шаардын чок ортосунда – Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ