Menu

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткандарды кармоо боюнча бирдиктүү операцияны жүргүзүштү

Бөлүшүү:

КРнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизатын сатып өткөрүү менен алектенгендерди аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү аякташты. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын Кулатов кичи районунан 1972-жылы туулган Р.У. аттуу жаран кармалып, анын автоунаасына кароо жүргүзүү учурунда салмагы 935 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Ыкчам-иликтөө мүнөзүндөгү мындан аркы иштердин жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизатты сатып алуучунун өздүгүн тактап, аны кармоого мүмкүн болгон. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде 1972-жылы туулган М.у.Б. аттуу жарандын жашаган жерине тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

ОШ облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде кызматтык иттерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө короосунан 2 килограмм 019 грамм “героин”, 3 килограмм 972 грамм “гашиш”, 16 грамм “марихуана” баңгизаттары табылып алынган.

Жаран М.у.Б. бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Баңгизат сатуучуларды аныктоо боюнча атайын операцияны МАмлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын түштүктөгү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 6 килограмм 942 граммды түзгөн.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: