Menu

Дооронбектикиндей добуш кайда?

Бөлүшүү:

Бул сөздөрдү Дооронбек Садырбаев Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Баяман Эркинбаевди 2005-жылдын 21 -сентябрда түнкү саат 10 дун тегерегинде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бириндеги өз үйүнүн жанынан атып кеткенден кийин, Жогорку Кеңеште сүйлөгөн.

Айткан сөзүндө ошол кездеги коопсуздук органын жетектеп турган бир топ адамдарды бул ишти кылдат иликтебегени үчүн айыптуу деп таап, өздөрүн жана орун басарларын кызматтарынан кетишин талап кылган. Баяман Эркинбаев өз өлүмүнөн мурдараак өзүнүн өмүрүнө коркунуч келип жатканын айтып, белгисиз адамдар кол салып, мурдуна ок жанганын Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирген. Андан көп убакыт өтпөй киши колдуу болуп көз жумган.

– “Айланайын үкаларым! Мен силерге ушундай боорум ооруду. Бул жерде болуп өткөн кырсыкты айталы десе, бөйрөктөн-шыйрак чыгарып бириң экономиканы, бириң пенсияны, бириң башканы сүйлөйсүң. Мен силерди 10 жылдан
бери угуп жүргөнмүн, ушу кетип калган Акаевдин балдарынын бутунан дагы бир жолу өөп койгуңар келип атат… Бийлиги бекемделе элек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүнө дагы бир жолу жүгүнүп койгуңар келип жатат. Эй айланайындар, бул жерде бир адамдын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатат, Кыргыз улутунун келечеги жөнүндө сез болуп жатат. Кыргыз мамлекетинин тагдыры жөнүндө сөз болуп жатса, кайра эле баягы эски өнөрүңөр менен ырсалаңдай бересиңерби? Эй, силер артист эмессиңер, силер депутатсыңар, артисттик колуңардан келбейт! Анан токтом боюнча, Өмүрбек Чиркешович, мен Суталиновду отставкага кетсин дегенде, мен Суталиновду джентльмен катары, цивилизованный адам катары, чести бар офицер катары айтканмын. Айтпаевди отставкага кетсин дегенде дагы, Феликс Шаршенбаевичти отставкага кетсин дегенде дагы, ушул биздин азаматтарыбыз өзүнүн жоопкерчилигин ушул кырсыкты сезип туруп, өздөрү отставка берсе, айтпадымбы, жалынып болсо дагы кайра калтырат элек деп. Кечирип койгула, бириңердин оозуңардан “мени отставкага кетир” деген сөз чыккан жок. Президенттин оозунан “мени отставкага кетиргиле” деген сез чыккан жок.

Урматтуу премьер-министр, урматтуу депутаттар! Эгерде Суталинов жөнүндө сөз боло турган болсо, биринчи кезекте Суталиновдун биринчи орун басары Мырзакаримов деген жигит, Баямандын өлүмүнө, Кара-Суудагы, Оштогу “кыйгыйга” “непосредственно” тиешеси бар жигитти кошуп коюш керек. Ишеним көрсөтпөө гана эмес, мен аны Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептейм. Ишеним көрсөтпөө жарыялаш керек. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевге да ишеним көрсөтпөш керек, мен аны Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептейм, силер себепчисиңер! Эгер менин сөзүмдү туура эмес деп тапсаңар мага иш козгогула. Ушул Мырзакаримов, Бусурманкул Табалдиев, Жамалдинов үчөөнү кетирбесеңер мен эл аралык уюмдарга кайрылам”.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: