Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев 42 өлкөнүн парламентчилеринин катышуусунда Москва шаарында (Россия) өткөн «Парламентчилер маӊзатка каршы!» эл аралык конференциясында баяндама жасады. Иш-чараны РФ ФЖ Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тышкы иштер министри Сергей Лавров алпарды. Бул туурасында Жк басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз парламентчиси Каныбек Иманалиев өз сөзүндө Ооганстанда легалсыз опиум заттарын өндүрүү көйгөйүн көтөрүп, анын өз аймагы аркылуу өткөрүлүшүнөн улам айрыкча Кыргызстан көбүрөөк жабыр тартып жатканын баса белгиледи.
Андан тышкары, эл өкүлү Кыргызстан мыйзамсыз маӊзат жүгүртүү жаатында кыйла жигердүү күрөш жүргүзүп жатканын айтты. «Азыр мыйзамсыз маӊзат жүгүртүү бир гана мамлекеттин көйгөйү болбой калды, ага баарыбыздын биргелешкен аракетибиз аркылуу гана каршы тура алабыз», – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ