Menu

Сузакта кылмышкерлер үй ээсин өлтүрүп кетти, кызы менен аялы оор абалда

Бөлүшүү:

Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкерлер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болду, ал эми аялы жана кызы жараат алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер мыйзамсыз түрдө киришип, үйдүн тургундарын уруп, ден-соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБге кабар келип түшкөн. Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда кылмышкерлер кол салган үйдүн ээси – 1956-жылы туулган С.Т, 1964-жылы туулган жубайы С.Х., жана 2002-жылы туулган С.М, аттуу кызын темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издешкен, бирок таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Кылмышкерлердин токмогуна кабылган үй-бүлө мүчөлөрү денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Үй ээси алган жараатынан улам ооруканада 3-январда каза болгон. «Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлдү.

Издөө иштеринин натыйжасында 4-январь күнү Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», – деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: