Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин чакыруусу менен, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Чехия Республикасынын Парламентинин Депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган чех парламентинин делегациясы бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын Жеӊиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду. Гүл коюу аземине Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.
Белгилей кетсек, чех парламентинин делегациясы 2016-жылдын 16-17-март аралыгында Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин деӊгээлинде бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышат. Ошондой эле, делегация мүчөлөрү Кыргыз-чех бизнес-форумуна, Кыргызстандагы «Интергельпо» чех кооперативинин уюшулганынын 90 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылуу аземине катышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ