Menu

Шаңырак иши боюнча соттолгон Арон Атабек бийликтен ырайым сурабайт

Бөлүшүү:

Шаңырак иши боюнча 18 жылга соттолгон акын жана диссидент Арон Едигеев (адабий аты Арон Атабек) бийликке ырайым сурап кайрылбайт. Бул тууралуу 31-июлда Едигеев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Павлодар түрмөсүнө барып келген укук коргоочу Елена Семёнова билдирди.

Анын айтымында, Арон Атабек мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгуу үчүн бийликке ырайым сурап кайрылбай турганын билдирген. 65 жаштагы акын аны түрмөдө чирип өлүү ыктымалдыгына караганда, жубайы менен композитор Бакытжан Торегожинге берип жиберген кол жазмаларынын тагдыры көбүрөөк тынчсыздандырып жатканын айткан.

Андан тышкары Арон Атабек маалыматтык боштукта калганына даттанган — аны 65 жылдыгы менен быйыл укук коргоочу Евгений Жовтис гана куттуктаган. Ал эч кимден кат албайт, ага телевизор көрүүгө дагы тыюу салынган. «Мындан тышкары анын кийимдеринин бардыгы эскирип калган. Банк картасы бар, бирок андагы акча түрмө дүкөнүнөн жылуу кийимдерди сатып алууга жетпейт», — деди Семёнова.

Укук коргоочу кошумчалагандай, Арон Атабектин ага берген үч ырын түрмө жетекчилиги алып койгон. Ал бул аракетин кол жазмалар текшерилиши керектиги менен түшүндүрүп, цензурадан ийгиликтүү өтсө гана кайра берилерин айткан.

2015-жылы декабрда Лондондо Арон Атабектин англис тилиндеги Re-Zona-Nce деп аталган ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ага акындын «РЕ-ЗОНА-НС» циклиндеги эмгектери кирген. 2010-жылы Атабекке «Камактагы жаратуучу» номинациясы боюнча эл аралык Freedom to Create сыйлыгы тапшырылган. Акындын өзү 2006-жылдан бери абактан жаткандыктан, сыйлык 2010-жылы ноябрда Каирде анын туугандарына берилген.

65 жаштагы Арон Атабек 2006-жылы 14-июлда болгон Шаңырак окуясы боюнча массалык башаламандык уюштуруу айыбы менен узак мөөнөткө соттолгон төрт адамдын эң улуусу. Ал 18 жылдык жаза мөөнөтүн Павлодардагы абакта өтөп жатат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: