КР Өкмөтүнө караштуу МКК, “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдаргакарата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөөдө.
Айтылган кылмыш-иштин фигуранттарынын бири болгон КР Өкмөтүнө караштуу МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес. Буга байланыштуу КР Башы Прокуратурасы А.Шаиковага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, КР Жазык-процесстик кодексинин 239-
беренесине ылайык А.Шаиковага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу КР УКМК ыкчам бөлүмүнө тапшырылды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ