Menu

Карантинге алынган адамдар аларда коронавирустун симптомдору жок экенин айтышып, үйлөрүнө чыгарууну суранып жатышат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-март күнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөттө болуп жаткан брифингде карантинге алынган адамдар аларда коронавирустун симптомдору жок экенин айтышып, аларды ооруканадан чыгарууну суранып жатышканын билдирди.

Ал жарандар карантинде экенин, жасалма дем алдыруучу аппарат кошулбаганын, жөн гана дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын айтты.

“Ооругандар “жөтөл жок” деп айтышууда. Алардын дене табы дагы нормада. Алар үйүнө коё берүүнү суранып жатышат. Бирок, биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кабыл алынган алгоритмдин негизинде иш алып барып жатабыз” – деди министрдин орун басары.

Муну менен катар министрдин орун басары, ал жарандардан карантиндин 13-күнүндө дагы бир ирет коронавируска анализ алынарын айтты. Эгерде жыйынтыгында илдет табылбаса, анда алар үйлөрүнө коё берилерин белгиледи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: