2019-жылдын 8 айында Кыргызстанда 100 миң 472 сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Анын 51 миң 317си кылмыштар, ал эми 49 миң 155и жаза таюу. Бул тууралуу 5-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыштуулук боюнча Ош шаары үчүнчү орунда. Ош шаарында 6543 сотко чейинки өндүрүш иши катталган.
Ош шаары боюнча эң көп кылмыш Сулайман-Тоо милция бөлүмүндө катталган, андан кийин Ак-Буура милиция бөлүмүндө катталган.
Ошто быйыл 10 киши өлтүрүү болгон.
Негизинен жалпы республика боюнча кылмыштардын саны Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле Чүй облусунда көп катталат (быйыл 74%ы). Мунун себеби – калктын жыш жайгашканы жана ички миграциянын активдүүлүгү.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ