Menu

Алинин айыбы эмне же өлүм коштогон өксүк

Бөлүшүү:

Бишкекте, 2-июлда 1985-жылы туулган Нигерия жараны ЦУМ соода борборунун жанынан сабалды деп, Улуттук госпиталга оор абалда түшкөн. Эки күн комада жатып каза болгон. Шектүү катары 1997-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

Ал тергөө учурунда нигериялык жаран Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун, социалдык тармак аркылуу достору менен түз эфирде сүйлөшүп жаткан учурда ага чет элдик жаран келип, телефонго тартпашын айтып ортодо конфликт чыккан. Жигит муштап жибергенде башы жерге катуу тийген. Али Абубакар Бишкектеги “Саmbridge School” тил үйрөтүү мектебинин мугалими болгон.

Равшан Жээнбеков, саясатчы: – Алинин өлүмү өлкөдөгү инвестициялык климатка, жарандардын жана чет элдиктердин коопсуздугуна, мамлекеттин имиджине урулган чоң сокку. Өлкө чет элдиктерди тартуу үчүн, бир топ – инфраструктуралык, маданий, медициналык, адилеттүүлүк багытындагы маанилүү иштерди жасашы керек. Алардын ичинен эң маанилүү, приоритеттүүсү жарандын жеке коопсуздугу! Жеке коопсуздук жок өлкөгө эч убакта инвестор, турист келбейт. Өнүккөн мамлекеттер жарандарына, андай өлкөгө барууга, тыюу салат. Инвестор же турист аз келген өлкөдө жумуш орундарын түзүү, сапаттуу медицина жаратуу, татыктуу айлык, пенсия берүү мүмкүн эмес.

Жанар Акаев, ЖКнын депутаты: – Бул абдан өкүнүчтүү иш болду. Бир зөөкүрдүн айынан эл аралык маалымат каражаттарына “Кыргызстанда чет элдик мугалимди уруп, өлтүрүп коюшту” деген кабар тарап, дүйнөгө жакшы эмес жагыбыздан таанылып отурабыз. Мындай маалымат өлкөбүздүн беделине залакасын тийгизет. Негизи эле мен биздин коомдо, айрыкча жаштар арасында агрессия күч экенин байкап жүрөм. Индиялык же пакистандык студенттерди да жолдон тосуп алып, ыдык көрсөткөн учурлар бар экен. Ал тургай милиция кызматкерлери алардан акча талап кылган учурлар боюнча бизге арыз-даттануулар түшкөн. Соңку мезгилде Кыргызстанда меймандостук, толеранттуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк деген сапаттар четке сүрүлүп, алардын ордуна маселени радикалдуу жана агрессивдүү ыкма менен чечүүгө ынтызар маанай күчөгөнүн көрүүгө болот.

Айбек Мырза, активист: – Кырсык каш менен кабактын ортосунда деп айтылат го. Тиги жигит деле атайын өлтүрөм деп урбаса керек. Себебин билбей туруп бир жактуу жыйынтык чыгаруу туура эмес. Себеби сотто билинет.

Максат Сабиров, ЖКнын депутаты: Чынын айтканда мындай нерсени кокустук деп айтууга болбойт. Эгерде биз “туризмди өнүктүрөбүз, чет элден инвестиция тартабыз” десек, анда биз чет өлкөдөн келген конокторго, туристтерге жана инвесторлорго аяр мамиле кылышыбыз керек. Негизи кайсы гана өлкө болбосун коомдук-саясий кыр-даал туруктуу болгондо, коомдук тартипке көңүл бөлүнүп, адамдардын коопсуздугу корголот. Бизде билим берүүнүн жана тарбиянын абалы начар. Ошондуктан тарбияны бала бакчадан башташыбыз керек деп айтып жүрүп, үнүбүз жетпей койду. Баланы жашынан тарбиялай албасак, чоңойгондо пайдасы жок да. Мына ошонун кесепетин тартып атабыз.

Эркин Рыскулбеков, журналист: – Азыркы жаштар -1990-2000-жылдары төрөлгөн балдар да. Мына ошол кезде ата-эне, коом жана мамлекет тарабынан алардын тарбиясына жана билимине көңүл бурулбай, каралбай калган жагдайдын кесепетин азыр көрүп жатабыз. Биз ошондон эч сабак албай койдук. Ошол эле соода борборунда бир жылдай мурун анда иштеген соодагер жигит кардарды уруп, өлтүрүп койгон. Азыр эми өзүбүздүн жарандар калып, чет элдиктерге асыла башташты. Бул өтө кооптуу. Бул окуя биздин коом үчүн кандай муун өсүп келе жатканын айгинелей турган абдан коркунучтуу коңгуроо. Биз буга карата кандайдыр бир чара көрбөсөк, кеч болуп калышы мүмкүн.

Гүлсаадат Мукашева

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: