Menu

Могерини Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын айтты

Бөлүшүү:

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын билдирди.

7-июлда Бишкекте «Европа Биримдиги – Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан соң кабарчынын суроосуна ал:

– Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм, – деп жооп берди.

Федерика Могерини Бишкекке келерден бир жума мурун, 1-июлда адам укуктарын коргогон эл аралык сегиз уюм ага кайрылып, Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүшкөн.

Кайрылууда 68 жаштагы Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткени, аны түрмөдөн чыгарып башка мамлекетке дарыланууга жөнөтүү зарылдыгы белгиленген.

2010-жылдагы июнь калабасындагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Аскаров өмүрүн аягына чейин камалган. Аскаров күнөөнү мойнуна алган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: