Menu

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу: “”Форум” алдындагы Атамбаевдин митинги Кой-Таштагы, үйүндөгү элден кутулуу үчүн ойлоп табылгандай”

Бөлүшүү:

Эптеп, “Форумдун” алдындагы митинг дегенди ойлоп табышып, Кой-Таштагы, үйүндөгү элди шаарга жеткизип, алар кетээри менен шап эткиче үйдү бекитип салышты көрүнөт! Митингдин деле эң биринчи максаты Кой-Таштагы шоуну жабуу болуш керек! Болбосо, уже Кой-Таш индиялык көп сериялык фильмге айлана баштаган, жаңы эч нерсе жок! Чоң саясатчылар, же барандуу жаштар лидерлери кошулабы деп ойлогон, бирок өзүнүн өкүл баласы жана Кой-Таштык бир кайнисинен башка эч ким кабар сурабаса… Анан да, АША менен Раиса апчебиз деле тажады да: күнүгө жүздөгөн адамдар экскурсияга келгенсип эле короодо ары бери басып жүрүшсө, аларды багыш керек, күнүгө кечинде чыгып, алар менен сүрөткө түшүш керек, күлүш керек, өзүң араң турсаң да элге калп да болсо дем бериш керек…
Чарчады Алмаз Шаршенович, митингде сүйлөгөн сөзүндө бул кадимкидей билинип турду. Анан да, аялың Раиса жөнүндө да жаман маалыматтар чыгып жатса, жаныңда Карамушкина менен Артыковдон башка бир барандуу адам жок болсо, таянганың Мээрбек болсо, болочок элитаң ыйлаак балдар болсо…
Андан көрө штабды жаап коюш керек деген ойго келди да акыры..

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: