Menu

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандардын бардыгын бошотууну талап кылды

Бөлүшүү:

Азыр УКМКнын СИЗОсунда олтурган мурдагы президент А.Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы тополоңго байланыштуу камалгандардын бардыгын бошотууну талап кылган билдирүү жасады.

Ал 7-августта УКМК жоокерлеринен кирип келгенин мыйзамсыз деп эсептейт.” Ал окуя боюнча камалгандардын айыптоо – абсурд, алардын эч кандай тиешеси жок” деген Атамбаев.

“Жогоркуда айтылган кишилердин күнөөсү жок экенин бийлик да, кимдир-бирөө да жакшы билет. Суроолору болсо, менден сурашсын. Мага кандайдыр бир жаза бергиле, бул бийликтин тушунда мен бардыгына даярмын”, – деп айтылат билдирүсүндө.

“7-8-августтагы окуяга шылтоолоп камалгандар бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – адилеттүүлүккө, мыйзамга, өлкө Конституциясына ишенишкенинде”, – дейт ал. Анын пикиринде, бийлик өзүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн, бардыгын теңирден тескери жасап жатыптыр.

“Көпчүлүк эл түшүнө баштады, Акүй мыйзамсыз буйрук бергендердин жоопкерчиликтен калкалап жатат, тергөө органдары аркылуу “тополоң уюуштургандарды” жазалагысы келип жатат. Бирок нааразычылыктар тынч элди атып киргенден кийин башталганын атайын унутуп коюшту, алар Кыргызстандын экс-президентинин үйүнө мыйзамсыз кирип келишкенде, аны коргоо аракетин гана көрүшкөн. Башкача айтканда, бийлик болгон окуяны анын себебинин алдына коюп койду, дегеним арабаны аттын алдына чиркеп жатышат”, – деп жазат Атамбаев өз билдирүүсүндө.

Ошондой эле экс-президент бийлик анын ысымын каралоо гана аракетин көрүп жатканын келтирет.

“Буга президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү буйрук берип, көздөгөнү эле – мени өлтүрө албай, эптеп экс-президент Алмазбек Атамбаевге көө жабуу, моралдык жактан тебелөө болуп калды”, – деп жазган Атамбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: