“ЭлТрдин” мурдагы жетекчиси Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болуп барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КТРКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, бул кызматта буга чейин Шайырбек Абдырахманов эмгектенген.
Ал эми Айбек Мусаев «ЭлТРдин” жетекчилигинен өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде 13-январда бошотулган. Анын ордуна жетекчи болуп Керимбек Калыкулов дайындалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ