Эгер коомчулук билсе, 5-майда КР Конституция күнү белгиленет. Ага карата абакта жаткандарга жыл сайын амнистия берилет эмеспи. Кимге ырайым кылат, мамлекет башчынын эркинде. Мына ошонун шылтоосу менен, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков ж.б. саясий туткундарды эркиндикке чыгарып жиберсе болот. Бул биринчи кезекте өлкө башчысынын эл ичиндеги кадыр-баркын көтөрөт, анан да Европа визитинде бул маселе талкуулангандыктан, эл аралык коомчулуктун алдында да демократ президент катары пикир калыптанат. Өз убагында, абактагы саясий туткундар Сооронбай Жэзнбековдун талапкер лигин колдоп, азыр да аны жактаган билдирүүлөрдү тынбай берип келатышат. Келечекте бул саясий туткундар президенте өбөк-жөлөк болуп, саясатта карыздар болуп калышат. А бул эртедир-кеч кереги тийе турган нерсе.
Булак: “Майдан“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ