Каракече казылбай турат…
Метереологго бирөө келет да:
-Быйыл кыш кандай болот: суукпу же жылуубу?
Метереолог жооп берет:
-Быйыл кыш жылуу болот.
-Далилдеп бере аласызбы?
-Далилдеп берем, анткенинин себеби, бир да кыргыз азырынча көмүр сатып алалек!..
Үйүңдө керебет барбы?..
Чүй проспектисинин жээгинде бир аял чооң чамадан менен турат. Өтүп бараткан эртанага кол булгалап:
-Чоң жигит, чамаданды жеткизишип койчу!
Эртана:
-Каякка?
-Сеникине…
Жараны тырмаба!
Лекция жүрүп жатат. Мугалим сурап атат:
-Сен ушул курсовойду өзүң чийдиң беле?
Студент:
-А сиз студенттерден чогулткан акчаны чын эле кабинетти ремонттогонго жумшадыңыз беле?
-Нымда-а. Эсеп 1:1 болуп калды окшойт…
Агай үчүн алга-а!..
Университеттин мугалими студентке:
-Кана сенин курсовоюң?
-Тытылып калды, агай.
-Эмне болуп?
-Сизди университеттеги эң тупой мугалим деген студент менен мушташа кетип тытып алдым, агай…
Ысканвордду чагаткен!..
-Мезгил такыр өзгөрдү, мурдагыдай жашоо жок эми.
-Анча эмне болду?
-Азыркы жашоодо жогорку билимсиз кесип жок. Сулучайна, кароолчу болуп орношуп калсаң, жогорку билимсиз алакандай ысканвордду да чечалбайсың!..
Жылкычынын ырыкен…
Айыл чарба академиясында сабак жүрүп атат:
-Бодо малга дары бериш үчүн оозуңа таблетка салып, аны түтүктүн жардамы менен жылкынын оозуна үйлөп жибериш керек, түшүндүңөрбү?!
-Түшүндүк!..
Эртеси студенттердин бири кер-сары болуп сабакка араң басып келет.
-Сага эмне болду?-деп сурайт мугалим.
Студент араң эле сүйлөп:
-Мен үйлөгүчө жылкы биринчи үйлөп жиберди…
Алдейбек
-Маштапан,-дейт мугалим,-жаныңдагы уйкучуну ойготуп койчу, байболгур.
-Эмнеге мен ойготушум керек, агай! Аны сиз уктаттыңыз да…
Аты сонун, Ангина…
Мойнуна калың шарф оронгон студент кол көтөрөт:
-Агай, ангина болуп кыйналып атам, улуксат бересизби кеткенге?
-Болуптур, жөнө.
Профессор сабактан чыгып үйүнө келатса, жанагы студент көчөдө малаңдап турат дейт, бир сулуу кызды колтуктап. Профессор аны чакырып алып айтат дейт:
-Сен мындай ангина менен төшөктөн турбай жатышың керек экен, эй…
Паспорттогу сүрөт
-Сени кыргыз поэзиясын жакшы билет дейт, чынбы?
-Опшум, чын. А эмне болду?
-Алыкул менен Сүйүнбайды айырмалап бераласыңбы?
-Бир заматта да! Сүрөттөрүн алып кел!..
Алтын балалык, кайдасың?
Жашоонун айлангөчөгү: балабакчада мектепке баргың келет. Мектепте университетке баргың келет. Университетте тезеле жумушка чыккың келет. Жумушта болсо, балабакчада түбөлүк тойпоңдоп жүрө бергиң келет…
Мээчакмай
Студенттер суроо берип атат:
-Профессор, сиз өзүңүздүн гениалдуу долбооруңузду биринчи жолу угуучуларга айтып бергениңизде баары дүркүрөтө кол чаап, сизди айга-күнгө теңеп мактаса керек?
-Жогай. Алар айтышкан болчу: “Аракка тойгондон кийин мээни чакпай эс албайт белең!..” деп.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ