Menu

ЖКда Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы тууралуу сөз болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кандай маселелер” саатында депутат Рыскелди Момбеков белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамайдын келерки жылы белгиленүүчү 100 жылдыгына карата жасала турган иштер солгундап жаткандыгын көтөрүп чыкты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Анын маалыматы боюнча өткөн жыйындардын биринде депутат Адыл Жунус уулу манасчы Жусуп Мамайдын атын түбөлүккө калтыруу максатында борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымын ыйгаруу, анын айкелин тургузууга жер бөлүү маселесин көтөргөн. Бирок бул маселени КР Өкмөтү шаар мэриясына тапшырса, мэрия трансформация маселесине шылтап, жер бөлүү жагын кечеңдетип, маани берилбей жатыптыр.

“Белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгилениши керек”,- деген депутат Рыскелди Момбеков мындай шартта аталган маселе боюнча парламенттин тармактык комитетине протоколдук тапшырма берүү керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: