Menu

Ортоңку колун көрсөткөн айдоочуга карата администрациялык протоколдор толтурулду

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28-ноябрь күнү маалыматтык агенттиктердин биринде “атайын белгиси бар автоунаанын айдоочусу адепсиз жоосунун көрсөттү” деген видеоролик чыккан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин ПМБнын Басма сөз кызматы билдирет.

https://www.facebook.com/atai.s/videos/10159677278355290/

Ошондой эле, автоунаанын терезелери толугу менен караңгылатканы, атайын түстүү үн чыгаргычтарын өз эрки менен жабдыганы жана шаар тургундарынын эскертүүлөрүнө карабай, аларды тоготпостон, зөөкүр мамиле кылгандыгы толук чагылдырылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 0003ВВ номурлуу «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунаанын эсинин өздүгү такталып, ал 1996-жылы туулган А.А. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу болуп чыккан.

Автоунаанын астынкы жана арткы терезелери толук караңгылатканы билинген.

Бирок, документтерди текшерүү учурунда 0003ВВ номур ААК «Кыргызгипрострой» проектилөө институна таандык «Mercedes-Benz 320» үлгүсүндөгү автоунааныкы экендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын негизинде 1996-жылы туулган А.А. аттууга карата бир нече беренелер боюнча административдик протоколдор толтурулду.

224-берене: Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу.

4-бөлүм: Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу.
228-берене: Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган, ошондой эле күңүрттөтүүчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу.

1-бөлүм: Айдоочулардын тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же белгиленген тартипте катталбаган aтайын үн чыгаруу же жарык белгилерин берүү түзүлүштөрү менен өз бетинче жабдылган транспорт каражаттарын айдоосу:

4-бөлүм: Айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу.

Жогоруда көрсөтүлгөн «Toyota Land Cruiser» үлгүсүндөгү автоунаа айып пул токтоочу жайга жеткирилип, терезелерин караңгылаткан жасалгалары, атайын үн чыгаргыч жабдыктары алынып салынды.
Тергөө учурунда видеодогу жигит автоунаа ээсинин тууганы болуп чыгып, 1988-жылы туулган Т.У. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу экендиги такталган. Ал милиция бөлүмүндө суракка алынып, бир нече беренелер менен администрациялык протоколдор толтурулган.

235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары

4-бөлүм: Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик кодексинин 224-берененин 4-бөлүмү жана 228-берененин 1, 4-бөлүмдөрү менен протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.
Чогултулган материалдар Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: