Menu

Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты: “24-марттагы Элдик курултай башка күнгө жылдырылды”

Бөлүшүү:

“Учурда Аксыга, Жогорку Кеңештин айрым бир эл өкүлдөрү келип кабар алууда. Бирок алардын максаты анчалык мааниге деле ээ эмес. Алсак, Унгар тоосу (Үңкүр-Тоо) тээ Совет заманында эле Кыргызстандын  тоосу болгон. Жаш баланы алдагандай алдап жатышат. “Ал жер стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан биз ал жерде жайгашкан уюлдук компаниялардын жабдууларды, буюмдардын баарын тез арада көчүрүп кетишибиз керек экен.” – деп билдирди бүгүн, 23-мартта Кyrgyztoday.kg  маалымат агенттигине Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков.

“Аксы эли ал жерди эч качан Өзбекстан тарапка өткөрүп бере албайбыз. Бул бийликтин айтканы ойлогону ишке ашпайт. Билесиңер ата – бабабыз көрбөгөн Узөңгү-Кууш үчүн алты азаматыбыз окко учкан. Бул жер Аксынын жери. Биз жерибизди эч качан тарттырып жибербейбиз. Аксы жана Ала-Бука райондорундагы чек арадагы ызы-чууга байланыштуу Ош шаарында өтө турган 24-марттагы Элдик курултай башка күнгө жылдырылды”, – деди  жергиликтүү депутат.

Эске сала кетек, ушу тапта Ош шаарынын борбордук аянтында үч миңдей милиция кызматкери чогулуп турат. Коомчулук арасында бул иш-чара 24-мартта Ошто өтө турган жыйынга каршы бийликтин даярдыгы экендиги айтылууда.

Бирок облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул жоромолду четке кагып, учурда аянттагы иш-чарада 3 миңдей милиция жана 2 миңге жакын элдик кошуунчу тургандыгы кабарлады.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: