Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылындагы жер участогун өзүнүн турак жайы үчүн сатып алууда коррупция фактысы боюнча экс-мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге каршы козголгон кылмыш ишин карай баштады.
Атамбаев сотто ага дайыма туруу кыйын болгонун айтты. Ошондой эле ал соттон анын ден-соолугун эске алып, отурумдун убактысын эртең менен эмес, түштөн кийин белгилөөнү өтүндү.
“Мен бул жөнүндө арыздангым келгени үчүн эмес, кан басымым эртең менен 60/80 болуп жаткандыгы үчүн айтып жатам. Мен эч кандай документтерди, актыны дагы, ишти дагы карай элекмин. Иш менен таанышууга 10 күн убакыт бериңиз. Адвокаттар мага материалдарды электрондук түрдө алып келишет. Мен үйдү жер тилкеси жана жери менен кошо сатып алдым. Эми ушул Соке (Сооронбай Жээнбеков) кетти, иш менен таанышууга убакыт бөлүп берүүңүздөрдү суранам”, – деди Алмазбек Атамбаев.
Сот залында мамлекеттик айыптоочу Аскарбек Шадиевдин ишин жана Атамбаевдин жер тилкесин сатып алуусу боюнча ишти бириктирип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылды.
Бирок, Алмазбек Атамбаев дагы деле көптөгөн кылмыш иштери бар экендигин, мамлекеттик айыптоочу элди эч нерсе түшүнбөшү үчүн, атайылап иштерди бириктиргиси келип жаткандыгын баса белгиледи.
“Соке-сволочту, Райымды соттош керек, жана баарын өз-өзүнчө жасаш керек. Кыргызстандын эли баарын көрүп, түшүнүшсүн”, – деди Атамбаев.
Тараптардын пикирин угуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ