Menu

Бердымухамедов түркмөн улуттук мессенжерин түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов шаршембиде өкмөттүк жыйында “элге туура маалымат жеткирүү максатында Интернеттеги билдирүү жөнөтүүнүн улуттук заманбап системасын түзүүнү” сунуштады.

Ал ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына белгилүү социалдык тармактарда баракча ачып, “дүйнө коомчулугуна улуттук экономикадагы жетишкендиктерди даңазалап турууну” тапшырды.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп саналат. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчүндө эң акыркы, Түндүк Кореянын алдындагы орунда турат.

Ушул жылдын башында түрмөн президенти мамлекеттик мекеме-ишканаларга расмий сайт ачууну тапшырган. Анын алдында мамлекеттик маалымат каражаттары ошол кезде Ахал дубанынын башчысы болуп турган уулу Сердар Бердымухамедов аймакта биринчилерден болуп документтерди электрондоштурууга өткөргөнүн жазышкан.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин ырастай элек. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес. Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: