Таластан тирүүлөй кармалып, башынан жарадар болгон илбирстин абалы жакшырып бара жатканын 13-январда айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Ал өзү алдынча эт жеп, кадимкидей жанданып калды. Дагы оңоло түшсө, экинчи ирет операция болуп, калган бытыралар алынат”, -деп айтылат маалыматта.
Илбирс Бишкекке Таластан 10-январда алынып келинген. Аны Көк-Ой айылынын тургундары айылдагы бакта олтурган жеринен кармашкан. Жырткычтын башы, көзү канталап жүргөн.
Бишкектен ветврачтар илбирстин башынан 70тен ашык бытыра табышкан. Эң терең кирген 18 бытыра алынган. Калганы экинчи операцияда алынат.
Ал эми милиция илбирсти аткан кишини издөө менен алек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ