Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөт КЭР менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтү Кытай Эл Республикасы менен мындан ары карай соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Бул туурасында КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кытай Эл Республикасынын КРдагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кытай тарапка коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөштө үзгүлтүксүз көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөлөр ортсундагы мамилелер достук, өнөктөштүк жана коңшулук принциптерге негизделген», – деп белгиледи Артем Новиков.

Элчи Ду Дэвэнь маалымдагандай, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү тарабынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык көмөк көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынды, ал Кыргыз Республикасына жакынкы аралыкта жеткирилет.

Тараптар кыргыз-кытай соода жана инвестициялык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Кытай биздин негизги соода жана инвестициялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Өкмөт кытайлык инвесторлорду коргоону камсыз кылууга даяр жана өз ара соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багыт алды. Мен өзүм, соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын теңтөрагасы катары инвестициялык өз ара аракеттенүүнү талкуулоо үчүн кытайлык бизнес өкүлдөрү менен жолугууга даярмын», – деп Артем Новиков ишендирди.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жөнүндөгү маселени айткан элчи Ду Дэвен КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Кашкар аймагындагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берди.

Кыргыз тарап бул өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды, бул жүк ташуучу унаалардын өтүү көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун катышуучулары кырдаалды чечүү боюнча эки тараптуу алгылыктуу варианттарды издөө зарылчылыгы жөнүндө пикирге келишти.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосунда жума сайын жарандык жана чартердик рейстерди уюштуруунун негизинде авиакаттамдарды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө пикир алмашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: