Жол кырсыгына кабылган Асел Кадырбекованын абалы жакшырып келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда анын жолдошу, ырчы Нурлан Насип Инстаграм социалдык баракчасында билдирди.
“Кудайым чоң кырсыктан сактап, дарыгерлердин чоң жардамы менен, сиздердин күнү-түнү кылган дубаларыңыздар менен келинчегимдин өмүрүн сактап калдык. Жаратканга чексиз шүгүрчүлүк билдирем. “Асел кандай болуп калды?”, – деп күнү-түнү сурагандар абдан көп. Кыскача айта кетейин, буйруса алдыга жылыш бар, бирок өзүнүн калыбына келиш үчүн көп убакыт керек экен. Убакыт баарын даарылайт Кудайым буйруса. Айттырбай келген кырсыктан алыс болуңуздар, бизге кылган дубаларыңыздар сиздерге эки эселеп тийсин”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ