Menu

Райхан Төлөгөнов ачкачылык жарыяларын билдирди

Бөлүшүү:

“Мага дарыгерлер тыянак беришкен жок. Менин жашоомо коркунуч туулуп жатканда бул жакка келбейм. Балким ачкачылык жарыялайм. Менде башка жол жок”,-деди экс-депутат Райкан Төлөгөнов бүгүн Биринчи май райондук сотунда.

Жактоочу Төлөгөновду 20-июнда №46-колониянын ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына мыйзамсыз которушканын билдирди.

Ошондой эле жактоочу айыпталуучунун  ден-соолугу начар экенин айтып, соттук отурумдарды жылдырууну суранды.

“Ден соолугу калыбына келгенге чейин Төлөгөновду ооруканада дарылоону улантуу үчүн соттук отурумду жылдырууңузду суранам. Азыр кан басымы көтөрүлүп жатат. Дарыгерлер болсо толук тыянак чыгарбастан УКМКга өткөрүп берип салды. Абалы оор, кант диабети бар экен, бөйрөктөрү иштебей калып жатат. Инсульт алышы мүмкүн”,-деди жактоочу.

Натыйжада соттук отурум 7-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук фактысы боюнча камакка алынган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси ” талап-тоноону уюштуруу” жана 241- беренеси ” ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча иш козголгон.

Булак: Каганат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: