Menu

Аида Салянова, экс-башкы прокурор: “Мамбеталиева менен Маевский бийликтин баркын түшүрүштү”

Бөлүшүү:

Аида айым, парламент менен коштошуу расмисин кылдыңыз. Мындан ары кандай саясый иштер менен алектенесиз?

— Бир жакшы тилектин үсүндө иштеп жатам. Убакыт-сааты келгенде айтайын. Ал сөзсүз бир баалуулук тартуулаган жаратмандык иш болот.

Эгерде башында бийликке каршы сын пикириңизди айтпасаңыз, “ыңгайлуу позиция” менен жүрсөңүз кандай болмок? Бүгүнкүдөй кысымга кабылмак эмессиз да? Өкүнбөйсүзбү?

— Мен өмүрүмдө эч нерсеге өкүнбөйм. Анткени баардыгы Кудайдын буйругу менен болот. Табияттан болгон мүнөзүмө жараша, ыңгайга карата же “бирөөгө жаксам” деп иш-аракет кылбайм. Кар деле тоо көтөрө ала тургандай жаайт экен.   Бул күрөш бизди такшалтты, күчтөдү. Бир жагынан ал үчүн ыраазычылык айтса болот. Бирок, адамды ак жеринен күйгүзүп, убалына калуу бул өтө чоң күнөө. Арты өтө эле жаман болот. Мен ага терең ишенем. Ошон үчүн чынын айтсам, жиним дагы келбейт.

Бир тууган иниңиздин өлүмү боюнча иштеген тергөө, иликтөөлөр сизди канааттандырдыбы?

— Азыр канааттанганга себеп жок. Жоопко караганда суроо көп. Ким болсо дагы мен үчүн күнөөсү бар адам жоопко тартылышы керек.

Шавкат Мирзиёев президент болуп келгенден кийин Өзбекстандын тышкы, ички саясатында кадимкидей жандануу жаралып, мамлекеттин алдыга өсүүсү байкалды. Баса, башта камалып, куугунтук жеп келген коомдук ишмерлерге, жарандарга кечирим берүү айкөлдүгүн Мирзиёев ишке ашырды…  Дал ушул үлгүдөн алганда, биздин президент Сооронбай Жээнбековдон эмнени күтсө болот?

— Саясый куугунтукка кабылгандар менин оюмча, кечирим алууга муктаж эмес. Алар кылмыш кылган жок. Баары акталууга тийиш. Жеке кызыкчылыктары үчүн куугунтукталганы жок, бирөөнү талап-тоногону үчүн эмес, мамлекетке кыянаттык кылгандыгы үчүн эмес, өз позицияларында бекем тургандары үчүн, бийликке ачуу чындыкты бетине айткандыгынын айынан алардын катарына мен өзүмдү дагы кошом, куугунтукталдык.

Акыркы жылдары Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү кескин түрдө начарлап кеткенин эл аралык уюмдар жазып келишет. Бул жаатта сиз экс-башкы прокурор, тажрыйбалуу юрист катары кандай кеңештерди бересиз?

— Мындай акыбал кеңешчилердин жоктугунан болбосо керек. Коррупция көп адамдарга ыңгайлуу, пайдалуу, жагымдуу. Ошол себептен жыйынтык жок. Эми сурап калдыныз, эл арасында агартуу иштери болушу керек. Коррупционерлерди жоопко тартуу бул – өтө маанилүү иш, бирок бул жалгыз ыкма болбошу керек. Анткени коррупция — эң биринчи социалдык, андан кийин криминалдык проблема. Коомдо коррупциянын кесепеттерин тынымсыз көрсөтүп, жек көрүү сезимин тарбиялаш керек. Коррупция жөнүндө айткан адамды мамлекет коргош керек. Мен жазган мыйзамга Атамбаев каршы пикир кылып, бүгүн бул мыйзам парламенттин кароосунда. Аткаминерлер болсо өзүнүн жеке үлгүсү менен жаңы образдарды түзүп, коомго оң жагынан таасир этиши керек. Мамлекеттеги дээрлик баардык кызматтар ачык, адилеттүү конкурстар аркылуу болушу абзел.

— Буга чейин Индира Жолдубаевага, сотторго, башка укук коргоо органдарына сын-пикир айтып келгенсиз. Дагы кандай кошумча ойлоруңуз бар? Коопсуздук кеңешиндеги Жээнбековдун койгон талаптары жерде калбайбы?

— Жаңы президенттин ишке киришкенине 4 айга чукул убакыт өттү. Болгону дагы 18 ушундай убакыт өтсө, Сооронбай Шариповичтин  президенттик мөөнөтү дагы соңуна чыгат. Саясаттын өзүнүн убактысы болот экен. Бул кадимки убакыттан дагы тез өтөт. Ушул убакыттын ичинде чыныгы элдик президент болуп калууга бул кишиде чоң тарыхый шанс бар. Сөздөр го айтылды, бирок адамзаттын жаралганынан тартып, адам өзүнүн сөзү менен эмес, иш-аракети менен элдин эсинде калган. Мен деле эл катары жакшылыкка үмүт кылгым келет.

Бир кездеги орун басарыңыз Жылдыз Мамбеталиева сизге козголгон кылмыш иш боюнча каршы көрсөтмөлөрдү берип жүрдү эле. Эмне майнап чыкты? Сиз “бактысыз” болуп, Мамбеталиева “бактылуу” болуп кеттиби?..

— Сиз “тийишпей” эле суроо бербейсизби? Мен тырмакчаларды алып коюп эле бактылуу катары өзүмдү баалай алам. Анткени башыма түшкөн чоң сыноодон кийин адам бойдон калдым. Бул эң маанилүү! Мамбеталиева, Маевский дегендер болуп келген, боло берет дагы. Буларды колдонгон бийликке аброй алып келген жок. Тескерисинче, бийлик да, өздөрү да кадыр-барктарын түшүрүштү…

Асланбек САРТБАЕВ 

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: