Menu

“Кур дүрмөт” менен күпүлдөгөн Алмазбек Атамбаев элге жашынып атабы?

Бөлүшүү:

Бүгүн саясат кайнап турган маалы. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилигине байланышкан маселе саясаттын күрөө тамыры болуп турат десек жаңылышпайбыз. 22-июнь күнү экс-президенттин Кой-Таштагы үйүндө өткөргөн маалымат жыйыны талкууга жем таштады. Ал жыйынды көргөн ар бир адам Атамбаевдин айласы күруп калганын байкаса болот.

«Коргонуунун эң жакшы жолу чабуулга өтүү» дегендей Алмазбек Атамбаев 22-июндагы жыйынында бийликке сес көргөзүп, «өзүмдү өзүм коргойм», «куралым деле бар» деген сыяктуу сөздөрдү айтты.

Ал эми жыйынга катышып сөз сүйлөгөндөр ачык эле регионалдык бөлүп-жарууга багытталган, элди кайраштырган сөздөрдү сүйлөгөну коомчулукту иренжитти. Эми алардын ар бир сөзүн талдап олтуруунун кажети жок болсо керек. Ал жыйындагы айтылган сөздөргө тиешелүү органдар өз баасын берээр. Айтор, «кур дүрмөт» менен күпүлдөгөн экс-президенттин абалы жакшы эмес…

Экс-президенттин азыркы абалды өзү жаратты дегенге кошуласызбы?

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Мыйзам жолу менен актыгын далилдесин»

—Ал баарын өз колу менен өзү каалагандай жасап алды. Мени Алмазбек Атамбаевдин азыркы абалы эч качан ойлондурбайт. Чынын айтсам, кызыгы деле жок. Болгону анын азыркы мыйзамдуу абалын айтып бере алам. Эгерде өзү айткандай ак жана таза болсо күчтүү жактоочу жалдап соттон акталып алсын, эч ким каршы эмес. Жөн эле бирдемелерди сүйлөп, Президентке, Жогорку Кеңешке «кашынып» олтургандан көрө мыйзамдуу жол менен актыгын далилдесе тарых алдында жүзү жарык болот. Жогорку Кеңеш ага мыйзамдын жолу менен акталуунун, тарых алдындагы чыныгы жүзүн көрсөтүүнүн жолун ачып бердик.

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер: «Мыйзам алдында жооп берсин»

—Алмазбек Атамбаевдин сырын бүтүн эл билип бүттү го. Ал эч качан кетирген катачылыктарын, кылмыштарын мойнуна албайт, жалганчы. Мыйзам алдында баары бирдей, кылмыш кылган болсо Атамбаев да жооп бериш керек. Коюлган күнөөлөр ачык айкын болуп жатат. Ошентсе күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Эгер акмын десе соттун алдында жооп берсин. Анын абалын табалабайм. Кыргызда «таба эмес, тобоо» дейт. Бирок ким болбосун колу менен кылганды моюну менен тартыш керек. Мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Демек, мыйзам баарыбызга бирдей.

Нурлан Шакиев, журналист: «Анын тагдырын душманыма ыраа көрбөйм»

—Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин абалын мен бир дагы өлкө менен өкмөттү башкарган адамга каалабайт элем. Керек болсо душманыма да андай тагдырды ыраа көрбөйм. Баары айдан ачык көрүнүп турат, ал өзүнө өзү кылып алды. Эми өз убалы өзүнө. Кыргызда «өзүнө өзү көр казды» деп коёт. Негизсиз эле парламентке менен президентке асылып, ар түрлүү сөздөрдү айтканы туура эмес иш болду. Мындай кылбай, өз орду, саясий салмагы менен калыс сөзүн айтып жакшынакай карып, аксакал катары төрдө жүрсө жарашпайт беле? Өз кылмыштарын ачууга, коомчулуктун да кыжырын кайнатууга өзү гана себепкер.

Канат Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Элдин артына жашынып атканы туура эмес»

—Эгерде Алмазбек Атамбаев чын эле күнөөсүз болсо партиянын төрагалыгынан кетмек эмес. «Мен коркпойм, мени кол тийбестигимден ажырата бергиле, актыгымды далилдеп берем» демек. Ал коркуп, дароо эле партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, колтийбестик макамга ээ болуп турайын деген аракет болду. Эми болсо мыйзамсыз кадамдарга барып, элди топтоп, элдин артына жашынып жатат. Элге жашынганы туура эмес, андай жол менен маселесин чечем десе өтө жаңылышат…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: