Menu

Жайкы эс алууну ким кантип өткөрөт?

Бөлүшүү:

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Менин жайкы эс алуум Кыргызстанда өтөт. Төрт-беш жерде шайлоочулар менен жолугушам. Дем алыш күндөрү Бишкектин жанындагы дыйкан чарбада эмгектенем. Балык чарбада, огород иштетип, алма бактар бар ошол жакта иштейм. Чынын айтсам мен эс алууга чет өлкөгө барган эмесмин. Уулум Кытайда окуганда беш алты күнгө балабызга барчубуз, апасы экөөбүз. Ал жак мага жагат. Ошондуктан, ким эс алууга чет жака баргысы келсе Кытай өлкөсү жакшы деген ойдомун. Көрө турган көп нерсе бар.

Аида Исмаилова, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Мен июль айында шаарда эле болом, анткени кээ бир иштер боюнча коомчулук менен жолугушууларым пландалган. Июнь айында аймактарга чыгууга убакыт жок болгондуктан өткөрө албаган өкмөттүн өкүлдөрү менен чогу тегерек стол өткөрүшүм керек. Ал эми жеке өзүмө кам көрүп, үй-бүлөм менен эс алууну буюрса август айына пландаштырып жатабыз. Эс алуучу жер тууралуу айтсам, өзүбүздүн Ысык-Көлүбүзгө жетчү жер жок.

Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты:

-Мен дегеле чет жака барып эс алып көргөн эмесмин. Айылда чарбачылыгым бар. Жайкысын дайыма ошол чарбама барам. Колго кетмен алып суу суугарганды бала кезимен жакшы көрчүм. Ошол кызыгуум дагы деле кала элек. Айылда өскөн бала, айылга эле тартып турат экен. Эс алуу – бул адам эмнеден эргүү алса ошол эле. Айылда болуп, тоого чыгып келсең кыргыз үчүн андан артыгы жок. Бул айды аймактагы шайлоочуларыма арнайм. Ысык-Көл, Нарын облустарында дагы эл менен жолугуу иштерим бар.

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Буюрса мен каникул бүткүчө айылда болом. Тоого чыгам. Областтарды кыдырып, эл менен жолугушам. Суу бойлоп, токой аралаганды жакшы көрөм. Ошондон сергип, эс алып, энергия топтойм. Үй бүлөм менен Ысык-Көлгө барам. Эмнегедир чет өлкөгө жайкы эс алууда чыккым келбейт. Бул эс алууда да чыкпайм.

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Жайкы каникулдун жарымын кичи мекенимде жасалып жаткан иштерди көзөмөлдөп, элдер менен жолугушам. Калган күндөрүмдү Ысык-Көлдө үй-бүлөм менен болом. Мен депутат болгондон бери жайкы эс алууну Кыргызстанда эле өткөзүп жатам. Мага Кыргызстандын жеринде эс алуу жагат.

Алиярбек Абжалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Буюрса шайлоочулар менен жолугушуп айылга барам. Өткөрүүчү иш-чаралар бар. Ал жумуштарымды бүтүргөн соң көлгө барам. Чет өлкөдө эс алууга андай деле кызыкпайм. Эң жакшы эс алуучу жер өзүбүздүн эле көлүбүз. Сыртка барган убакыттар болгон, бирок көргөн адам катары өзүбүздүн көлгө жетпейт.

Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Июль айында региондордо эл менен жолугушабыз. Бир айды атайын эл менен жолугууга пландап жатам. Ал эми август айында эс алууга убакыт табабыз. Буюрса эс алууну жайлоодо да, көлдө да өткөрүп жетишебиз.

Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Биздин эс алууга чыкканыбыз округдарыбызга барып эл менен жолугушубуз болуп эсептелет. 2-июлда Кара-Балтада, 3-июль Сокулук, 4-июль Токмокто эл менен жолугушуу өткөрөбүз. Ал эми 5-июль күнү Чолпон-Ата шаарына студенттер менен жолугушуу иш-чарасына барам. Буюрса бир жуманын ичинде кереметтүү көлүбүзгө барып, эс ала келем.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: