Кечээ, 28-сентябрда саат 10:50 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунда кезектеги автокырсык катталды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык Бишкек-Ош унаа жолунун 596-чакырымында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа менен «Ваз-2199» (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Жол кырсыктын кесепетинен «Лада-Самара» унаадан 2 адам, «Хонда-Фит» унаадан бир адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жолдогу унаалар менен жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ