Menu

БШК Камчыбек Ташиевдин президенттикке талапкерликке каттоосун жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-сентябрда КР БШК жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу токтом кабыл алынды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

К.Ташиевге берилген Күбөлүк  (КР БШКнын 2017-жылдын 5-сентябрындагы  №408-токтому менен бекитилген)  күчүн жоготту деп табылды.

Ошондой эле, Тиркемеге ылайык К.Ташиевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн  ыйгарым укуктары токтотулду.

К.Ташиевдин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин алып салуу тууралуу арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 25-сентябрында келип түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: