Menu

Атамбаев “памирликтер келбесин” деди

Бөлүшүү:

Президент А.Атамбаев Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүүгө каршы чыгууда. Анын Москвага барып билдирген пикиринде памирликтер Кыргызстанга келүүгө ынтызар эмес экен. “Эгер аларды мажбурлап алып келсек, биз жактын шарттарына чыдай алышпайт. Андыктан аларды ошол жакта эле калтырып, колдон келишинче жардам берип турушубуз керек” – дейт ажо.

Бирок памирликтер он жылдан бери “биз бул жакта кырылып жок болуп баратабыз, бизди алып кеткиле” – деп зар какшап келет. Булуттуу тоолордун арасында жан айласын кылып эптеп тирилик өткөргөн, тукум курут болуп бараткан журтташтарыбыздын муң-зары көрүнгөн жерде байлыгын санап бүтө албай жаткан, жылуу-жумшак жашоодон көзүн май баскан ажобуздун жүрөгүнө жеткен жок окшобойбу. Муз болуп тоңгон жүрөк менен байлыкка ууланган мээ бир тууганын да жакын жуутпай, ар кандай шылтоолорду саймедирей берет.

2010-жылы Памирде 3600 кыргыз жашап жаткан болсо, былтыр алардын 1875 гана калган, жыл сайын 6-7 % азайып келүүдө.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: