Menu

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданынын абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-мартта, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Дене-тарбия спорт жана жаштар иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин директору Канат Аманкулов, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директору Канат Муратбеков менен бирге Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Ак-Кула» ат майданынын абалын көрүп чыккан Өкмөт башчы, аны оңдоо жана модернизациялоо керектигин белгиледи. Ал жыл сайын калк арасында ат оюндарына анын ичинен улак тартышка кызыккандардын саны арбын болуп жатканын кошумчалады.

«Бул оюндар Кыргызстанда өткөн көчмөр оюндарында негизги программага киргизилип, сырттан келген мамлекеттердин көңүлүн бурду. Акыркы жолу «Ак-Кула» ат майданында Нооруз майрамына карата маданий, майрамдык иш чараларды өткөрүүдө, улуттук оюндун бул түрүнө кызыккандардын саны көп болгонун көрдүк. Ат майдандын айрым инфраструктуралык объекттери коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Бул жердеги көйгөйлөрдү анын ичинде көрүүчүлөргө ылайыктуу шарт түзүү боюнча маселелерди ыкчам аралыкта чечүү керек. Ипподром – бул улуттун байлыгы, жыл сайын бул жерде спорттук ат оюндары, республикалык деңгээлдеги мелдештер өтүп турат. Андыктан бул жактагы абалды көңүл сыртында калтырып коё албайбыз», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы Дене-тарбия спорт жана жаштар иштери боюнча Мамлекеттик комитетине бул жердеги мүлктүн хронологиясын иликтеп чыгып, «Ак-Кула» ат майданынын айланасындагы териштирүү иштерин карап, ат майданды модернизациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүнү тапшырды.

Бишкек шаарынын  муниципалдык менчик  башкармалыгынын башчысы Султан Өмүровдун маалыматында, «Ак-Кула» ат майданы бүгүнкү күндө муниципалдык менчик объект болуп эсептелет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-октябрындагы №460 «Бишкек шаарынын жергиликтүү башкармалыгына берилген объекттердин тизмеги» тууралуу токтомуна ылайык, аталган комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген. Андан соң аталган жайды акционерлештирүү болгон. Анткен менен 2013-жылы аны менчиктештирүү процесси сот тарабынан жокко чыгарылгандыктан, азыркы тапта ипподром муниципалдык менчик объект болуп саналат», – деди Султан Өмүров.

Аны менен бирге ал учурда объект менен соттук териштирүүлөр болушу ыктымал экендигин да кошумчалады. Анткени «Ак-Кула» ААК жогорку соттук инстанцияларга доо арыз менен кайрылууну көздөп жатат.

Ат майдандын жалпы аянты  57,4 гектар, 3000 көрүүчүгө ылайыкталган. Ипподромдун аймагында административдик имарат, спорттук ат оюндарын өткөрүүчү талаа, жатакана, аткана, кампалар жана жашабай турган турган бөлмөлөр жайгашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: