Menu

Бегиш Аматов, 1993-жылкы Конституциялык комиссиянын мүчөсү, легендарлуу парламенттин депутаты: «Алтын үчүн Исанов өлгөн, алтын үчүн кыргыздын Конституциясы өлгөн»

Бөлүшүү:

(Үчүнчү маек)

— Бегиш аке, сиз өткөн маегибизде өзбектер менен биригип ГЭС курганга каршы экениңизди айткансыз. Өзүбүз бюджеттин тешигин бүтөй албай жүдөп жүрсөк, кайсыл акчага ГЭС куралмак элек?

— Бүгүнкү күндө “Кумтөрдөгү” алтындын үчтөн экиси чыгып кетип, үчтөн бири бар дейт. Демек, ал жерде 250 тоннадай алтын бар. Таластагы “Жерүйдө” 100 пайыз алтын турат. Ал жерде 80 тонна алтын бар дешет. Талды-Булакта 50 тонна алтын бар, Чаткалда канча алтын алынып жатканынын каттоосу жок имиш. Ушулардын баарын эсептегенде 400 тонна алтын бар экен. Бул 14 млрд доллар акча. Азыркы алтын кендерди иштетип жаткандарга “До свидания” деш керек. Бул акчага Камбар-Ата ГЭСинен төрттү курат экенбиз. Айланайын, эки эле ГЭСти бүтүрсүнчү. Андан алынган электр энергиянын 50 пайзын өзүбүз иштетип, 50 пайызын четке миң киловатты 200 доллардан экспортко чыгарсак, тыйын өзү келет. 26 жылдан бери кыргыз бийлиги өз эли үчүн иштеген эмес, үка. Улуу В. Ленин “Коммунизм есть Советская власть плюс электрификация всей страны” деген. Биздин өлкө советтик бийлик орной турган, ашыкчасы менен электрлештирилген мамлекет болгонго толук шарты бар. Азыр советтик бийлик эмей эле, партиялык номенкулатуралык бийлик орногон өлкө болуп калдык. Советтик бийликте ар бир округдан, эл кимге ишеним көрсөтсө ошол адам депутат болуп шайланып келет. Ал депутаттын кол тийбестиги болуп, эркин өз оюн бийликке айта алат. Элдин таламын ачык талашат. Азыр Өзбекстан менен биргелешип ГЭС курабыз дегенди бул бийлик токтотушу керек. Анткени, коңшу өлкө менен мыйзамдуу гана бийлик келишим түзө алат. Бизде мыйзамдуу бийлик 1993-жылдагы Конституция менен гана бекилген бийлик деп эсептелет. Андан беркиси мыйзамсыз. Ошондуктан эл аралык келишим түзүүдө биринчи Конституцияны ордуна алып келүү максатка ылайык. Мыйзамдуу Конституция ордуна келгенде эч ким менен кол кармашпай эле өзүбүз байлыкка ГЭС кура алабыз.

— Аскар Акаев мыйзамсыз Конституциялык кеңешмени өзүнүн Указы менен түзүп, бийликти басып алгандан баштап бүгүнкү бийликке чейин баары мыйзамсыз деп жатасыз. Акаевдин мыйзамсыз Конституциялык кеңешмеси легендарлуу парламентти тараткандан кийин түзүлдүбү же түзүп алып силерди таратканбы?

— Конституциялык кеңешмени түзүп алып бизди тараттыбы, аны эч ким билбейт. Бизди өз эркибиз менен тараганга мажбур кылды да. Парламент тарагандан 3 күндөн кийин Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Жогорку кызматта олтурушканына карабай, көчөдөн топтогондой болгон 157 киши чогулуп, Конституцияны аңтар-теңтер кылышат. Көчөдөн топтогон дегеним, алардын бирөөсүн дагы эл шайлаган эмес. Аларга Конституцияны талкуулаганга ким уруксат берди? Эч ким уруксат бербеген. Уруксатсыз чогулган 157 киши 97 статьядан турган мыйзамдуу Конституциянын 49 статьясын өзгөртөт. Булардын Конституцияны караганга акысы да жок болчу. Биз Конституцияны үтүр, чекити жок гаранты боло турган адамга тапшырганбыз. Аскар Акаев элдин алдында Конституцияга эки колун коюп “Мен Конституцияны ыйык сактайм” деп ант берген. Кийин болсо парламентти таратып, 3 күндөн соң 49 статьяны өзгөртүп жатпайбы. Конституциялык соттун төрайымы болсо ага кол коюп бергенге мажбур болгон. Аны Чолпон Баекова кийин “Мен дагы Исановго окшоп өлүп калайынбы?” деп айтып бербедиби.

— Сиз 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны жазган Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары Баш мыйзамдын бузулушуна Акаевге кайсыл маселелер таасир этти дегенди иликтеп чыктыңыз да. Кандай жыйынтыкка келдиңиз?

— Акаевге экономикалык реформа боюнча кеңешчи болуп Борис Бирштейн деген келген. Алар Кыргызстандын жараны эмес, чет элдиктер. Ошолор президенттин жанына олтуруп алып “Кумтөрдүн” алтынын алабыз, андан башка кен байлыктарга ээ болобуз деп биздин Конституцияга кол салышкан. Ошонун негизинде Конституцияны өзгөртүшкөн. Биз “Кумтөрдүн” алтынынын 67 пайызы Кыргызстандыкы, 33 пайызы канадалыктардыкы дегенге макул болгонбуз. 67 пайыз кыргыздыкы болгондон кийин кыргыздар директор, бухгалтерден баштап жетекчилерди коймок. Конституция бузулгандан кийин андай болгон жок. Акаев өлкөдөн качкандан кийин биздин үлүшүбүз 16 пайыз эле болуп калган. Өзүм билемдик башталып, бийликти узурпация кылып, завод, фабрикаларды чилдей таратып, жумушсуздукту күчөтүп, ошондон бери миллиондогон жарандарыбыз гастарбайтер болуп четте тентип жүрсө, кыздарыбыз өрттөлүп өлүп жатат. Гастарбайтерлер миллиарддаган доллар акча жөнөтүп жатат деп кыргыз бийлиги кол чаап олтурат.

— Сиз алгачкы жылдары Акаев менен мамилеңиз жакшы эле болуп жүрбөдүбү. Биринчи премьер-министр Исанов менен да сүйлөшүп калган болсоңуз керек. Исанов алтын үчүн өлтүрүлгөн деп айтылып жүргөн сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Туура, биринчи жылдары Акаев менен мамилебиз жакшы эле болгон. Андан кийин Бирштейн келди. “Вольво” машиналарды алып келип мингизди. Муну элдин баары көрүп аткан. Мен Исановдун өлүмүнө чейин 3 күн мурун аны менен жолуккам. Ак үйдүн жетинчи кабатында Ярдан деген вице-премьерге кирем деп кетип аткам. Аркаман бирөө басып келаткан. Ким экен деп бурулайын десем, чыканагыма бир койду. Карасам Исанов экен. “Жүр” деп кабинетине алып кетти. Аны сүйлөсөм деле уккусу келбейт, муну сүйлөсөм деле уккусу келбейт. Бир маалда өзү сүйлөдү. “Бегиш Аматович, Аскар Акаевичтин жанында Кыргызстанга жан күйгүзө турган бир дагы киши жок экен!” деди. Менде биринчи кишини экинчи киши ушинтип айтып жатса, жакшылыкка алып келбейт деген ой кетти. Көрсө, ошондо Исанов Акаевдин кабинетинен чыгып келаткан экен. Чагымда, ага-буга кол кой десе керек да. Ал киши кол койбойм деп чыккан болсо керек деп ойлойм. Мага ошентип жарылган. Исановдун сөзүнүн төркүнүндө президенттин төгөрөгүндө кыргыздын душмандары олтурат деген маани жатты. 3 күндөн кийин Исанов өлдү деген кабар угулду. Көрсө, кыргыздын алтынын алыш керек болгон экен да. Андан кийин Сарыгуловдор алтынды Бирштейндин самолётуна салып ташыганы гезиттерге чыкпадыбы. Баарыбыз эле окудук да. Алтын үчүн Исанов өлгөн, алтын үчүн кыргыздын Конституциясы өлгөн. Алтын үчүн ошондогу президент Акаев эки агасы өлсө да топурак салганы келалбай четте, жумуртка менен сокку жеп жүрөт.

— Бийликти мыйзамсыз Акаевге алып берген 157 кишинин арасынан туура эмес иш болуп жатат деп каршы чыккандары болдубу?

— Өздөрүнчө күңкүлдөп жүргөндөрү болду. Ачык айтып каршы чыккан эч кимиси болгон жок. Себеби, 157 кишинин көпчүлүгүнө менчиктештирүү жүргөн учурда бир топ жерлерди бөлүп берди. Көбү байып алды.

— Конституция 1994-жылы бузулду. Бираз убакыттан кийин президенттик шайлоо болбодубу. Анда Аскар Акаевге каршы Абсамат Масалиев талапкер болуп чыккан. Масалиев президент болуп олтуруп калганда, биринчи Конституцияны ордуна коё алмак беле?

— Мыйзамсыз түзүлгөн Конституциялык кеңешменин 157 мүчөсүнүн тизмесинде Абсамат Масалиевич да жүрөт. Ал кишинин да президенттикке барышы мыйзамсыз эле.

– 1995-жылы парламенттик шайлоо болуп, депутаттар бир округдан шайланып келген. Конституцияны коргогон мурунку депутаттардын көпчүлүгү эмне үчүн шайлоого катышпай коюшкан? Ал кезде азыркыдай акча деле көп роль ойночу эмес эле да.

— Бир топ эле депутаттар шайлоого катышканбыз. Бирок, бийлик аларды өткөргөн жок. Мен да катыштым. Алай, Чоң-Алай, Совет райондорунда кайра депутат болуп келсем, Конституцияны ордуна койгула деп айтып чыгам деген сөздү айтып жүрдүм. Мен депутат болуп келалганым жок. Биздин аркабыздан көп киши түшкөн, үка. Ызы-чуу катуу болгон. Болбосо, мен биринчи турда 14 талапкердин ичинде биринчи болгом. Экинчи турда бийликтин адамдары Алайда, Советте “Бегиш Аматовду шайлабагыла” деп жатышты. Мени Бишкекке самолёт менен кетпеңиз, өлтүрүп коюшат, Ташкент аркылуу кетиңиз дешти. Бул жакка Ташкент менен келгем.

— Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши биздин аймагыбыздын бүтүндүгүнө, кол тийбестигине биринчи жолу доо кетирди да. Кытайларга жерди бериш үчүн легендарлуу парламентти тараткан деген маалыматтын чындыгы барбы?

— Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга берип койбодубу. Ошондо Үзөңгү-Куушту жана чырлуу жерлерди такташ үчүн коомдук комитет түзүп, төрагасы мен болдум. Акаев эмне үчүн бизди куугунтуктап жатат деп өз алдымча иликтеп, анализ жүргүздүм. Акаев 1994-жылы Кытайга барат. Кытай бизди 1991-жылы территориясы толук, эгемендүү мамлекет деп тааныган. 1993-жылдагы Конституцияда ушул аймагыбыз кол тийгис деп жазылган. Үзөңгү-Кууш да анын ичинде болчу. Акаев 1994-жылы эле Кытайга барганда биздин жерди чекесинен кертип, кытайларга берип келиптир. Биз олтурган парламент менен аны өткөрө албайт эле. Ошондуктан, Сааданбеков баш болуп өзүбүздү таратабыз деп чуркашты. Биз кеткенден кийин 35–70 депутаттан турган эки палаталуу парламент болот деген Конституция кабыл алынды. Парламентти болсо агасы, жакындары болуп басып алышты. Ошолор Үзөңгү-Кууш туура берилген деп кол көтөрүптүр.

— Акаев бийликти өзүм билгендей башкарам деп атып өлкөдөн куулуп, ордуна Курманбек Бакиев келди. Аны да Аскар Акаевге ак калпак кийгизген Топчукелер алып келишти. Өткөн маекте мен башында эле Бакиев президенттикке жарабайт деп каршы болгом деп айттыңыз эле. Акаевди кетирип, Бакиевди алып келебиз деген адамдардын кимисине жолугуп, так позицияңызды айткансыз?

— Дзержинский сейил багында баратсам, бир жолтандабас токтоду. Карасам, Топчуке менен Азимбек Бекназаров. “Токто” деди, токтодум. Топчуке “Сен бизге кошулбай жатасың” деди. Кандай кошулбай жатам? Көп нерседе бирге болуп жүрөбүз десем, “Акаевди кетиришке” деп айтты. Мен буга кошулам. Бирок, аны кетирдик, эртеси эмне болот дедим. Топчуке “Бакиев президент болот. Үсөндүн кабинетинде баарын чечип бүттүк” деп сүйлөдү. Андай болсо болбойт дедим. Топчуке экөөбүз кызаңдашып кеттик. Бекназаров экөөбүздү койгула деп ажыратып койду.

— Бакиевди эмне үчүн болбойт дедиңиз?

— Мен төрт жарым жыл депутат болуп, Бакиевдин жанында олтурдум. Төрт жарым жыл ичинде бир жолу микрофонго чыгып, Кыргызстандын ушундай проблемасы бар деп сүйлөгөн адам эмес. Акаев эмне десе, башын ийкегилеп турган. Ошон үчүн жарабайт, Акаевди эле алып келесиңер деп айттым. Топчуке “Сен билбейсиң. Бул киши беш” деген. Кийин Бакиевди президент кылышты. Өзү аталык болду. Кичине убакыт өткөн соң бир күнү “Бакиевди кетириш керек” деп Топчуке кайра чыгыптыр.

Топчуке Акаевди, Бакиевди президент кылып алып келгени үчүн жооп бериши керек. Атамбаевди да президент кылып алып келгенде дагы Топчуке аралашып жүрөт. Конституция талкалангандан кийин эч ким өзүнүн кадамы үчүн жооп бербей калган.

— Бакиев деле мыйзамдуу талаага түшпөй, Акаевдин эле жолун улады. Ал кишинин учурунда казактарга Каркыра толук өттү. ..

— Ушул жерден токто, үка. Каркыра биринчи Акаевдин учурунда кеткен. Назарбаев менен Акаев куда болуп, Каркыраны калың катары берип жиберген. Кийин кызы менен баласы ажырашып кеткенде, документтери толук бүтө элек экен. Кол койгон учур Бакиевдин тушунда болду.

— Сиз Бакиевдин президент болушуна каршы болгон экенсиз. Бакиевди президент кылгандар кайра аны алып түшүүгө бирикпедиби. Мыйзамдуу өлкө курабыз деп. Алар сизди дагы чакырдыбы?

— Бакиевди кетиребиз дегендер бир жолу жыйынына чакырышкан. “Форумга” барып катышкам. Жүздөй киши чогулганбыз. Ошол жерде Текебаев менен Атамбаев өз позицияларын бербей кыжыңдашып, кыйла эле кызып кетишти. Жакалашканга жакын барышты. Койгула эле койгула деп атып токтоттук. Эки бөлүнүп кетишкен. Кийинки жыйындарына барганым жок.

— Бакиевдин бийлиги кулап, кайрадан жаңы бийлик 2010-жылы келди. Анда Текебаев баштаган Конституциялык кеңешме түзүлүп, жаңы Конституцияны жазышпады беле. Булар дагы Акаевдин Конституциялык кеңешмесинин көчүрмөсү эле болуп калганбы?

— Конституциялык комиссия деген президент, премьер-министр, парламенттин төрагасы анан эл шайлаган жалаң депутаттардан турат. Биздин комиссия ошондой болгон. Аны 350 депутат кол көтөрүп бекитип берген. Мен ошол комиссиянын мүчөсү болгом. Конституцияны жазганга катышкан адамдардын бири менмин. Кийин Назарбаев баш болуп биз жазган Конституцияга асылышты. Булардын максаты Кыргызстандын алтынын, жерин таламай болгон. Эми суусун да таламай болуп жатат. Мына ушул акыбалга келдик. Кыргызстандын эли болсо бир да завод, фабрика калбай тентип жүрөт. Жоголуп кеткен алтынга ким жооп бериш керек? Ошол 157 киши, андан бери мыйзамсыз шайланган 650 депутат, Исановдон башка отуздай премьер-министрлер, президенттер жооп берет. Уурдатып жиберген алтынды таап келишсин. Биз ошол байлыкка элди жумуш менен камсыздай турган завод, фабрикаларды курушубуз керек. 1994-жылдан бери эч кандай мыйзам жок, үка. Акаевдин Конституцияны өзгөртүп, бийликти басып алганы мыйзамсыз. Андан кийин Акаевди кууп чыгып, Бакиевдин бийликке келгени да мыйзамсыз. Бакиевден бийликти тартып алып, бийликке келген азыркылар да мыйзамсыз бийлик. Текебаевдин Конституциялык кеңешмеси да мыйзамсыз. Биринчи Конституцияны жазган комиссияны эл шайлаган. Буларды ким шайлаптыр? Акаев менен Текебаевдин Конституциялык кеңешмеси окшош, айырмасы жок. Өздөрү эле Конституцияны жазып жүрүшөт.

— Роза Отунбаева дагы бир жарым жыл президент болуп, азыр экс-президент деген макамга ээ. Аны кыргыз эли шайлабаганын кийинки президент Атамбаев борбордук аянтта, Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болгон күнүн белгилеп жатып айткан. Отунбаеванын президенттик доорунда мыйзамдуулук сакталдыбы?

— Отунбаева дагы 1993-жылдагы Конституцияны ордуна алып келген жок. Ал дагы Акаевдин мыйзамсыз Конституциясы менен олтурду. Бийлик жакшы экен да, ал дагы бир жарым жыл президент болбодубу. Гезиттердеги маалыматка таянсак, алтын ошол кишинин убагында эң көп чыгып кетиптир. Отунбаевага Клинтондун аялы Американын орденин алып келип тагып атты. Ушундай болдубу? Болду. Анан кайсыл мыйзамдуулук тууралуу айтайын.

— Отунбаевадан кийин Атамбаевдин доору келди. Атамбаевде кыргыз үчүн иштейм деген ниет болдубу?

— Атамбаев 6 жыл президент болуп иштеди. 6 жылда жыл сайын 20 тоннадан алтын алынып жатты. “Кумтөр” менен болгон биринчи келишимди ордуна коюп, казылган алтындын 33 пайызын канадалыктарга берип, калганын өзүбүздүн банктарга койсо болот беле? Ошол акчага завод, фабрикаларды, ГЭСтерди курса болобу? Анын ордуна кытайлар Датка-Кеминди салып койсо, аны мен салдым дейт. Кытайлар түндүк-түштүк авто жолун куруп жатса, мен курдум деп айтат. Токто, ал жерде кытайдын акчасына кытайлыктар иштеп жатат. Сен карызды моюнга гана илип жатасың. Кыргыз четте курсагын тойгузганга аракет кылып жүрөт. Күнүгө өлүк салынган 2–3 кара жащик келет.

— Сиз Атамбаевдин 1993-жылкы Конституцияны кайра алып келиш керек дегенге пикири кандай экенин уккансызбы?

— Анда Мелис Эшимкановдун көзү тирүү эле. Эшимкановдун кабинетинде 1993-жылдагы Конституцияны ордуна коюш керек десем, Атамбаев “Аны коюштун кереги жок” деген. Ошондо эле бул жигиттин көз карашы такыр башкача экен деп ойлогом. Ошол жигитти президент кылдык. Алдына түшүп алып Ак үйдү алдык. Жүздөгөн кишилер алдынан, артынан атылып өлдү. Бул эмне жалганбы?

— Өткөндө экинчи революциялык жол менен бийликке келгендердин Конституциясында жерди сатканга уруксат берген деп айтып, өзбектер менен биргелешип ГЭС курсак алардын менчиги болуп калышы мүмкүн деп кабатыр болгонсуз. Үзөңгү-Кууш Кытайга карап калган. Ал жакта Сары-Жаз деген дарыя бизге карайт. Ал жерге да кытайлар менен ГЭС курсак, ал жерди дагы кытайларга алдырабызбы?

— Биргелешип курабыз дейт алгач. Андан кийин кытайлар келе берет. Ошондо кытайлардан кутулуп көр кыйын болсоң. Алтынды саткандан кийин жер менен сууну сатканга келип атабыз деп күйүп атам да. Азыркы Конституция менен жер сатыла берет. Айрыкча суусу сатылат кыргыздын. 26 жылдан бери кыргыз бийлиги өз эли үчүн иштеген эмес, үка. Ошон үчүн бийликти тескей турган 1993-жылдагы Конституцияны ордуна коюшубуз зарыл. Болбосо азыркы башаламан мындан ары токтобой улана берет. Бүгүн чоң эл аралык келишимдер түзүлгөнү жатпайбы. Мыйзамсыздык күчөп турган маалда, мындай чоң келишимдер кыргыз үчүн пайдасына караганда кыянаттыкты алып келиши ыктымал. Мыйзамдуу өлкө болобуз десек, Конституциялык талаага тез аранын ичинде кайташыбыз керек. Ошондо орустун “Перед законом все господа шляпу снимают” деген абал түзүлүп, баары мыйзамга баш ийет.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: