Menu

Видео – Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “”Дордой” базарындагы кытайларды эки-үч жолу текшерсеңер коронавирус чыгат, жакшылап текшергиле”

Бөлүшүү:

“Урматтуу вице-премьер, азыр коронавирус деп дүйнө жүзү дүңгүрөп, жаман болуп жатканда Кытай жарандарынан азыр бизге бир да киши киргизбей жатасыңарбы?” – деп сурады депутат Камчыбек Жолдошбаев 26-февралда Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин алдын алуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү жаатында маалымат угуу учурунда вице-премьер Алтынай Өмүрбековадан.

“Бизде Кытай менен чек аралар жана аба каттамдары жабык, бирок Кытай Республикасынын жарандары үчүнчү мамлекеттер аркылуу, Москва, Дубай жана Стамбул шаарлары аркылуу келип жатышат”, – деп жооп берди Өмүрбекова.

“Ошолорду Кыргызстанга кийирбей койсо болбойбу?” – деп такыды Камчыбек Жолдошбаев.

“Биз азырынча андай чечимди – Кытай Республикасынын жарандарын киргизбей коюу тууралу чечимди кабыл ала элекпиз. Башка аракеттерди көрдүк. Компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кытай жарандары азырынча келбей турушсун деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок, Кытай Республикасынын жарандары келбесин деген тыюу жок”, – деп жооп узатты вице-премьер.

“Урматтуу саламаттыкты сактоо министри, Кытайда бир аялды 8 жолу текшерип, коронавирус жок экен чыгарышкан экен, ал эми 9-жолу текшергенде ал аялдан коронавирус чыгыптыр. Анан бизде кандай болот? Бизде кытай жарандары жүрөт, мына, Солтон-Сары кенинде кытайлар жүрүшөт. “Дордой” базарынын баары кытайлар. Буларды текшересиңерби?” – деп депутат Жолдошбаев эми министр Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

“Кытай жарандары келгенде биз аларды 14 күнгө карантинге кармап жатабыз. Коронавируска карата алардан анализ алабыз. Таза болсо гана карантинден чыгат. Чыгарында да анализ алып калабыз”, – деп жооп берди Чолпонбаев.

“Демек силер 2 жолу анализ алат экенсиңер, ал эми Кытайда 8 жолу анализ алса чыкпай 9-жолу анализ алганда коронавирус чыгып жатпайбы?” – деп жарга такады депутат Жолдошбаев министрди.

“Биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңештери менен иштеп жатабыз. Азырынча бизде коронавирус чыга элек…”, – деп жооп берди Чолпонбаев.

“Базарлардагы, Солтон-Сары кениндеги кытайларды да текшериш керек”, – деп көшөрдү Камчыбек Жолдошбаев.

“Азыр Кыргызстандагы ишканаларда иштеп жаткан кытайлардын баарын текшерип жатабыз”, – деп жооп берди министр.

“Базарлардагы кытайларды эки-үч жолу текшерсеңер чыгат, Кытайда 8-9 жолу текшергенде чыгып жатпайбы”, – деди депутат. Министр “макул” деп убада кылды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: