Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өлкөсүнүн Орусия менен учурдагы мамилесине канааттанбайт. Бул тууралуу ал Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу маалында билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Ошол эле маалда Штайнмайер Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна жана Украина чыгышындагы жаңжалдарга байланышкан карама-каршылыктарга карабастан өлкөлөр мамилени жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүшү керектигин белгиледи.
Өз кезегинде Путин герман президентинин Орусияга сапарынан кийин эки тараптуу байланыштар бекемделет деген ишенимин билдирди. Орус лидери Штайнмайер менен Украинанын чыгышындагы абалды талкуулаганын айтты. Путиндин айтымында, Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуунун негизи болуп Минск келишимдери эсептелет.
Deutsche Welle басылмасы белгилегендей, Германия менен Орусиянын ортосундагы чыңалган мамилелерден улам Штайнмайердин Москвага сапары атайылап мамлекеттик эмес, жумушчу сапар катары уюштурулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ