26-январь күнү кечинде Бишкек жылуулук Борборунда (ТЭЦ) авария болуп, 25 градус суукка 386 миллион долларга оңдотулган техника каражаттары жана от казандары туруштук бере албай калган. БЖБ коррупциялык жол менен чөлдө, ачык кум талаада биздин ТЭЦтен да кубаттулугу жогоруу ТЭЦти курганга жетчүү акча каражатты элдин мойнуна илип, бийлик “ап!” деп жеп койгону ачыктан ачык болуп билинип калды.
Өкмөт башчы Сапар Исаковдун отчётун Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар угуп, өкмөттүн ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча кылмыш иш козголду. Сапар Исаков тапшырмасын аткарган юристтер ТЭЦтин жетекчилеринин аракетине укуктук баа беришип, Салайдин Авазов менен Жолдошбек Назаров аттуу ТЭЦтин жооптуу чиновниктерин күнөөлөп, аларды укук коргоо органдары камакка алышты.
26-апрелде Сапар Исаковду УКМК суракка чакырды. Исаков эки саат бою президенттик аппаратта иштеп турган мезгилиндеги окуялар боюнча сурак жүргөнүн билдирди. Ал президенттик аппаратта иштеп турган кезде “Лигласс”, ТЭЦти модернизациялоо, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Датка-Кеминди бүтүрүү жумуштары жүрүп, бул иштер коррупциянын очогу болгон деп айтылбады беле.
Чакыруу кагазында “Өз ыктыяры менен келбесе, күч органдарынын жардамы менен келтиребиз” деп жазылган экен.
Ал жазуунун артында, мыйзам негизинде жасала турган иш туралууу эскертүү деп түшүнөбүзбү, же адаттагыдай, күбө болуп, анан “шектүү” деп табылып, ГСИНдин “клиенти” болуп, “братокторго” кошулабы?
Бу суроого да жоопту жакын арада алат окшойбуз…
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ