Россиядагы мекендештер көчөдө күн кечирген 64 жаштагы Талибжан Касымовдун туугандарын издеп жатышат. Бул тууралуу акыйкатчынын Россиядагы Приморск аймагы боюнча жардамчысы Бакыт Садиров журналисттерге билдирди.
Маалыматтар боюнча, 1956-жылы туулган Талибжан Касымов Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну. Бирок, Россиянын Владивосток облусуна качан, кантип, эмне себептен келгени белгисиз. Ошондой эле, анын жанында өздүгүн тактоочу документи дагы жок. Ал бир нече жылдан бери көчөдө күн кечирип келет.
Эгерде кимдир-бирөө Талибжан Касымовду тааныса же кандайдыр бир маалыматы болсо, анда 89146793924 номерине чалып коюуну суранабыз.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ