Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Көпчүлүк дары-дармектер адамды айыктырбай эле жабыркатат, оору менен күрөшүүнүн мындай жолу – өз өмүрүнө кол салуу!

Бөлүшүү:

Кыргызстанда  катталган өлүмдөрдүн көпчүлүгүнүн негизги себеби катары жүрөк-кан тамыр оорулары эсептелет (мындай көрсөткүч жылына каза тапкан 38 миң адамдын 18 миңин түзөт).  Адистердин айтуусу боюнча, мындай оорулар менен күрөшүүдө дары-дармектердин жардамына караганда алдын-алуучу профилактикалык ыкма эффективдүү экендиги айтылат.

«Кыргызстандыктар үчүн спорт менен машыгуу жана дени сак жашоо образын калыптандыруу күнүгө эртең менен тиш тазалоо сыяктуу адатка айланышы керек. Бишкек борбор шаар катары өлкөнүн башка аймактарына үлгү көрсөтүшү керек. Биздин партия шаардын ар бир калктуу пункттарында спорт аянтчаларын ачууну ар дайым демилгелеп келет», – деген пикирди “Натыйжа көрсөтөбүз!” платформасын алгалатып жаткан «Өнүгүү-Прогресс» партиясы айтты. 

Кыргызстандын аймагында дарылануу үчүн дары-дармектерди кабыл алуу кооптуу болуп калгандыгын эксперттер белгилейт. Бүткүл дүйнөлүк ден соолук уюмунун маалыматы боюнча өнүккөн мамлекеттерде жасалма дары-дармектердин көлөмү 1% дан ашпаса, Кыргызстанда бул көрсөткүч 10% га жетет. 

«Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар  өлкөгө кирген контрафакт дары-дармектердин көлөмү боюнча ар түрдүү көрсөткүчтү (5%дан 60%га чейин) беришүүдө. Бул биздин өлкөдө сапатсыз дары-дармектер менен күрөшүүчү бирдиктүү мамлекеттик саясаттын жоктугун тастыктайт. Андыктан, биз колдонуп жаткан дары-дармектердин көпчүлүгү адамды айыктырбай эле, тескерисинче жабыркатып жатканын эске алышыбыз керек. Ошондуктан келгилге, дары-дармексиз дени сак жашоо образына өтөлү. Өзүбүздүн ден соолугубуз – өзүбүздүн колубузда!», – деген чакырыкты “Өнүгүү-Прогресс” партиясы таштады. 

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: