Menu

Видео – Жаӊы депутат Өмүрбек Бакиров парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Бакиров Өмүрбек Мирзараимович ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Өмүрбек Бакировду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров буга чейин «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: