Menu

Казакстанда эс алуучу лагердеги балдар казак тилинде сүйлөбөсө айып пул салынары айтылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Павлодар облусундагы Щербактинский районуна дайындалган жаңы аким Азилхан Абеуов балдардын ден-соолугун чыңдоочу лагерде казак тилинде сүйлөбөгөн балдарга айып пул салынарын билдирди. Бул тууралуу Liter.kz сайты жазып чыкты.

Ошондой эле, балдар лагеринин кийинки сезону балдардын мамлекеттик тилде сүйлөөсүн талап кылган «Kazakh camp» стилинде уюштурулары пландалууда.

Райондук акимдин айтымында, мындай чечимди чиновниктер президенттин “Улуу талаанын жети кыры” аттуу макаласын окугандан кийин чыгарышкан.

“Лагерде билим алганга келгендердин бардыгы казак тилинде окушат. Керек болсо, казак тилинде эс алышат. Мамлекеттик тилде сүйлөбөгөн балдарга айып пул салынат”, – деди Азилхан Абеуов.

Мындан тышкары, ал катышуучуларга стимул катары «Қазақ тілі білгірі» символикалык төш белгилерди тагуу чечими каралып жаткандыгын билдирди.

Ал эми, айып пул боюнча так маалыматтарды берген жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: