Menu

Атырау облусунун акими жаңы жылдык корпоратив өткөрө турган каражатты жетим балдарга таратып берди

Бөлүшүү:

Казакстандын Атырау облусунун райондук акими жаңы жылдык корпоратив өткөргөндүн ордуна, ага жумшала турган каражатты жетим балдарга бөлүп берди. Бул тууралуу zakon.kz сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Жылыой районунун акими Азамат Бекет кесиптештери менен бирге акча чогултушуп, топтолгон каражатты жетим балдарга таратышып, жалпы 60 баланын ар биринин эсебине 100 миң теңгеден беришкен. Чиновниктин кылган иш-аракетин бир нече жума өткөндөн кийин жергиликтүү тургундардын бири кабарлаган.

“Биз башка өлкөлөрдүн президенттери же чиновниктери кылган кайрымдуулук акцияларына сүйүнүп келебиз. Мисалы, бир жума мурда Американын экс-президенти Обаманын аяз атанын костюмун кийип алып, оорулуу балдарга белек тараткандыгына сүйүнүп көптөгөн көрүүчүлөрдү топтогон видеосуна да күбө болгонбуз. Бирок бүгүн мен досторуна, кесиптештерине, ишкерлерге жаңы жылды салтка айланган шаң-шөөкөт менен тоспостон, жетим балдардын абалын ойлогон Жылыой районунун акимине ыраазы болуп турам” деп жазган ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

Акимдиктен бул тууралуу маалыматты тастыкташып, аны массалык маалымат каражаттарына жарыялабагандыгын кошумчалашкан. Балдар акчаны 18 жашка толгондо алышат. Ага чейин каражат алардын банктык эсебинде сакталат. Ал эми аким бул иш-чараны жылдык салтка айландыруу керектигин кошумчалаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: