Menu

Кыргыздын эки белгилүү айымына $10 миңге адам өлтүрүүнү уюштуруу айыбы тагылды

Бөлүшүү:

Жакында Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси (адам өлтүрүүгө даярдануу), 234- (хулиганчылык) жана 350-берене (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен козголгон кылмыш иштери иликтенип жаткандыгын маалымдаган. Маалыматтык агенттигиктердин биринде өткөн пресс-конференцияда Маданияттын эмгек сиңирген ишмери кылмышка даярдангандыгы, тактап айтканда анын эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө буйрутма бергендиги туралуу шаар тургуну (аял киши) айткан. Чыр 2016-жылдын жыйынтыгы менен алынган эл артисти наамынын жана университетти аяктагандыгы тууралуу дипломдун жасалмалыгы ачыкталгандыктыгынын тегерегинде чыккандыгы маалымдалган. Бул  тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы жогорудагы айтылган фактылар боюнча кылмыш ишинин иликтениши, тергөө амалдарынын аякташы жана шектүүлөргө айыбы коюлгандыгы тууралуу маалымдайт. ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматында Ленин РИИБге Т.Д. аттуу жаран (аял киши) кайрылып, А.Б. аттууга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган. Арызында ал жаран СССРге 50 жаш атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин 1985-жылы алган жасалма диплому менен борбордогу Академиялардын бирине тапшырган жана жасалма дипломдун арты менен мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгондугу айтылган. 2018-жылы мартта чыккан соттук-техникалык экспертизасынын корутундусу менен жогоруда көрсөтүлгөн диплом жасалма болуп чыккан.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын апрель айында Биринчи май РИИБге Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып А.Б. аттууга жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранып, ал театрдын имаратынан белгисиз себептерден улам денесине ар кандай жаракаттарды келтирип, коз айнегин сындырып салгандыгын билдирген. 2018-жылдын ноябрындагы Т.Н. аттууга жарандын денесине жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык ден соолугуна жеңил залал келтирилгени аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Т.Д. аттуу жаран кайрылып, өзүн жана жолдошун өлтүрүүгө буйрутма берген А.Б. жана Б.С. аттууларга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган. 2018-жылдын 10-октябрь күнү ИИМдин Тергөө кызматы аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө даярдануу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө амалдырынын жүрүшүндө А.Б. жана Б.С. экөө А.К. аттуу жаранга кайрылышып, эмгек сиңирген артист менен анын жубайын өлтүрүүгө 10 000 АКШ долларын сунушташкандыгы, ошондой эле, алгачкы акысы катары 1000 АКШ долларын беришкендиги аныкталган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2018-жылдын декабрында жогорудагы айтылган кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилген.

ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча Б.А. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1, 2-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу, 234-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык), 30-беренесинин 4-бөлүмү, 28-79-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 15-пункту (адам өлтүрүүнү уюштуруу) айыбы тагылды.

С.Б аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүмү, 28-79-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 15-пункту (адам өлтүрүүнү уюштуруу) айыбы тагылды. Күнөөлөнүп жаткандарга карата алардын ден соолугуна байланыштуу жеке кепилдик алуунун негизинде баш коргоо чарасы каралды.
Адам өлтүрүү үчүн алгачкы акы катары 1000 АКШ доллары берилген жогоруда көрсөтүлгөн А.К. аттуу жаран бул кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жатат.

2018-жылдын 21-декабрь күнү Башкы прокуратура тарабынан шектүүлөрдүн күнөөлөрүнүн корутундусу бекитилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын Процесстик-жазык кодексинин 239-беренесине ылайык негизинде сотко жөнөтүлдү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: