Сурхандарыя облусунун Термез шаардык ооруканасынын кызматкерлери сексуалдык зомбулукка кабылган аялга жасалган операцияны бейтаптын уруксатысыз видеого тартышкан. Кийинчерээк видеожазуу Интернетке тараган.
“Озодлик” радиосуна жөнөтүлгөн видеодон аялдын жыныстык органына тыгылып калган сабизди алууга аракет жасап жаткан дарыгерлердин колун көрүүгө болот.
https://www.youtube.com/watch?v=6xVXS0qrd0A&feature=youtu.be
Сабизди алгандан кийин догдурлардын бири видеонун авторун бул процессти жакындан тартууну сурайт. Видеожазуу аял дарыгердин: «Сурхандарыя облусунун бойдон бүтүүгө каршы жаңы каражаты… музрабаддык сабиз жыныстык мүчөдө», деп айткан сөзү жана кесиптештеринин күлкүсү менен аяктайт.
Гинекологиялык креслодо жаткан аял мас күйөөсү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган.
Сурхандарыялык дарыгерлердин биринин айтымында, бул видео январда тартылган. Бейтапты шылдыңдаган Людмила Климова – Термез шаардык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы.
– Мындай абалга бардык аялдар – биздин жубайларыбыз, апаларыбыз, кыздарыбыз кабылышы мүмкүн. Бул догдурлар дарыгердик сырды гана бузбастан, адамдын ар-намысын тебелешти. Бул факт боюнча иликтөө жүргүзүлдүбү жокпу, мага белгисиз, – деди ал.
Людмила Климова бул видео анын катышуусунда тартылганын четке каккан жок. “Мен бул видеону тарткан жокмун, ким качан бул видеону тартканы эсимде жок”, – деди гинеколог.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ